Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

EXPO-2020: Дубайда Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди


 Expo-2020 көргөзмөсү. Дубай
Expo-2020 көргөзмөсү. Дубай

EXPO-2020 көргөзмөсүнүн алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында Кыргызстандын улуттук күнүнө арналган иш-чара өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БАЭнин толеранттуулук министри, көргөзмөнүн башкы комиссары Нахайян бен Мубарак Аль Нахайяна, расмий делегация өкүлдөрү, ишкерлер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, туризм жаатында, соода экономикалык багыттагы кызматташууларга токтолду.

Быйыл тараптардын ортосундагы өз ара соода алмашуунун көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсеге өсүп, 47 миллион долларды түзгөнүн айтты. Кыргызстандын Улуттук күнүнүн алкагында бизнес-форум жана туристтик роуд-шоусу өтүп, анын алкагында катышуучулар ортосунда ишкердик байланыштар түзүлүп, бир катар келишимдерге кол коюлганы да кабарланды.

Акылбек Жапаров Дубай шаарындагы Dubai Smart City жана экошаардын долбоору саналган Абу-Дабидеги Masdar City менен таанышты.

"Дубай ЭКСПО-2020" бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү өткөн жылы болмок. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга жылган. Октябрда ачылган көргөзмө мартта аяктайт.

Дубайдагы дүйнөлүк көргөзмө 2021-жылдын 1-октябрында башталган, 2022-жылдын 31-мартына чейин өтөт. Иш-чара өтүп жаткан жай 25 миллион кишиге ылайыкталган. 100дөн ашык мамлекеттин павильондору ачылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG