Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Таласта 16 жаштагы кыз дайынсыз жоголду


Бүбүсара Түркменова.
Бүбүсара Түркменова.

Таласта 16 жаштагы кыз сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бүбүсара Түркменова 5-декабрда Талас шаарынын Сатаев көчөсүндөгү 36-үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Бою 1,60, кара тору, үстүндө күрөң сары түстөгү күрмө, көк шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим кийген.

Шаардык милиция кызды табуу үчүн издөө жарыялады.

Аны көргөн билгендер 0700 11 47 62 телефонуна чалып койсо болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG