Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Милиция TikTok тарткан окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү


Милиция тараткан видеодон алынган сүрөт.
Милиция тараткан видеодон алынган сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлору TikTok социалдык тармактарында адам өмүрүнө коркунуч келтире турган видеолорду тартуу популярдуу болуп жатканына байланыштуу окуучуларга түшүндүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

№39 мектеп-гимназиясында инспекторлор "антисептикти партада өрттөө" деген сыяктуу видеолорду атайын адистер аткарып видео тартарын, жөнөкөй мектептерде андай тасмаларды кайталабоону түшүндүрүштү. Инспекторлор TikTok социалдык тармактарын активдүү колдонгон окуучуларды позитивдүү жана таанып билүүчү видеолорду тартууга чакырды.

Өзбекстанда 25-декабрга пландалган TikTok Fest иш-чарасына бийлик "улуттук менталитетке туура келбейт" деген жүйө менен тыюу салган.

Маданият министрлиги тараткан билдирүүдө "фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганы", "жаштардын аң сезимине туура келбеси" жана өзбек элинин "улуттук менталитетине каршы келери" белгиленет. Апрель айында Ташкент метросунда жасалма үйлөнүү той өткөргөндөрдү тарткан тиктокерлерге 980 сум көлөмүндөгү айып пул салынган эле. 11-майда Алишер Навоинин эстелигинин жанында тартылган "Тик-Ток" үчүн Самарканддын эки тургуну 15 күнгө камалган.

Кытай компаниясына караштуу TikTok социалдык түйүнү өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны бир миллиарддай адам колдонот. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG