Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Түркия менен Армения алакасын оңдоого белсенди


Тарыхый сүрөт. Осмон империясынын тушундагы армян кыргыны учурунда тартылган. Геноцид тууралуу кайчы пикирлер Ереван менен Анкаранын алакасына кедергисин тийгизип келет.
Тарыхый сүрөт. Осмон империясынын тушундагы армян кыргыны учурунда тартылган. Геноцид тууралуу кайчы пикирлер Ереван менен Анкаранын алакасына кедергисин тийгизип келет.

Түркия менен Армения узактан бери чыңалып турган мамилесин оңдоого кадам таштаганы белгилүү болду. Эки өлкө бул багытта атайын чабармандар иш алып бара турганын жарыялашты. Ошентсе да Анкара менен Еревандын ортосунда мунасаны талап кылган маселелер аз эмес.

Армения менен чыңалган мамилени оңдоо аракети жүрүп жатканын алгач түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу парламенттин 13-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, коңшулаш эки өлкө жакын арада атайын чабармандарды дайындаганы жатат.

Мевлют Чавушоглу.
Мевлют Чавушоглу.

"Армения менен мамилени жөнгө салуу аракеттеринин алкагында эки тараптан өкүлдөрдү дайындайбыз. Армениянын баш калаасы Ереванга чартердик аба каттамдарын аткара баштайбыз. Ар бир кадам сайын Азербайжан менен бирге аракет көрөбүз", - деди Чавушоглу.

Түркиянын мындай билдирүүсүн 14-декабрда Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ваан Унанян да бышыктады. Ал Армения Түркия менен мамилени жөнгө салуу жараянына "эч кандай шарт койбостон" даяр экенин белгиледи.

"Биз түрк тышкы иштер министринин атайын чабармандарды дайындоо тууралуу билдирүүсүнө оң баа беребиз жана армян тарап да диалог үчүн атайын чабарман дайындай турганын ырастайбыз", - деп билдирди Ваан Унанян.

Ереван менен Анкара расмий түрдө дипломатиялык байланыш түзгөн эмес. Түркия 1990-жылдардын башында Армения менен чек араларын жапкан. Буга армян тарап Азербайжандын аймагы деп таанылган "Тоолуу Карабакты жана анын айланасындагы райондорду ээлеп алды" деген жүйөнү келтирген.

Эки өлкөнүн алакасын Дүйнөлүк биринчи согуш учурунда Осмон империясында армяндардын жапырт кыргынга учураганы жана депортацияланганы тууралуу билдирүүлөр да ого бетер чыңалтып келет. Армения 1915-жылдагы армян кыргынын геноцид деп атаса, түрк тарап муну кескин түрдө четке кагып жүрөт.

2009-жылы Армения менен Түркия өз ара алаканы жөнгө салууну жана чек араларды ачууну көздөгөн макулдашууга кол койгон. Бирок бул макулдашуу ратификациядан өткөн эмес.

Буга чейин бир катар эл аралык оюнчулар Түркия менен Арменияны өз ара алакасын оңдоого чакырышкан. Bloomberg басылмасы түрк расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазгандай, АКШ президенти Жо Байден октябрь айында Римде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукканда түрк тарапты Армения менен чек арасын ачууга үндөгөн.

Ноябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Армения Ереван менен Анкаранын ортосундагы арачылык аракетине көмөктөшүү өтүнүчү менен Орусияга кайрылганын ырастаган.

"Орусия армян-түрк алакасынын жөнгө салынышына кызыкдар жана биздин өлкө ага болушунча жардам көрсөтүүгө даяр. Бул жараяндын башталышы региондогу жалпы абалдын жакшырышына өбөлгө түзөт деп эсептейбиз", - деп билдирген эле Захарова.

Азербайжан менен Түркиянын президенттери.Баку, 10-декабрь, 2020-жыл.
Азербайжан менен Түркиянын президенттери.Баку, 10-декабрь, 2020-жыл.

Түркия Ереван менен Бакунун каршылашуусуна жол ачкан Тоолуу Карабак маселесинде Азербайжанга саясий гана эмес, кайсы бир деңгээлде аскердик да колдоо көрсөтүп келет.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган Тоолуу Карабак аймагы 1990-жылдарын башындагы жикчил согуштан бери армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп келген.

Былтыр Азербайжан менен Ереван колдогон армян күчтөрүнүн ортосунда согуш чыккан. Анын натыйжасында Тоолуу Карабактагы бир топ аймак жана анын айланасындагы иш жүзүндө армяндар көзөмөлдөгөн райондор Азербайжандын карамагына өткөн. Алты апталык согушта азери армиясы Түркиянын аскердик дрондорун колдонгон.

Андан бери чек арада утур-утур атышуулар катталып келет.

14-15-декабрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен армян премьер-министри Никол Пашинян Брюсселде Евробиримдиктин жогорку жетекчилеринин ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланган.

Буга чейин Пашинян Армения Түркия менен мамилени жөнгө салууга даяр экенин бир нече жолу айткан.

Ошол эле учурда Азербайжандын Нахичеван эксклавына Армениянын аймагы аркылуу транспорттук коридор ачып берүү сыяктуу талаптарга көнбөй турганын эскерткен.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG