Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:49

АКШ: Өкүлдөр палатасы «армян геноцидин» тааныды


29-октябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Осмон империясы учурунда 1915-жылы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп сыпаттаган резолюцияны кабыл алды.

29-октябрда колго салынган резолюцияны Өкүлдөр палатасынын 405 мүчөсү колдоп, 11и каршы добуш беришти. Аткарылышы милдеттүү эмес документте АКШ “армяндардын геноциди” деген терминди, же бир жарым миллион армяндын өлтүрүлүшүн тааныйт деп айтылат.

Буга чейин бул өңдүү резолюцияны кабыл алуу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Америкалык мыйзам чыгаруучулар НАТО боюнча өнөктөш Түркия менен мамилелерди бузууну каалабай келишкен. Конгрессмендер документти кароону ыкчамдатууга Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү операциясынан улам келип чыккан кризис алып келгенин айтышат.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян резолюцияны кубаттап, муну “чындыкка жана тарыхый адилеттүүлүккө кызмат кылган маанилүү кадам” катары баалады.

30-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттеги партиялаштарына кайрылган маалда “пайдасыз” резолюцияны “түрк элине эң чоң акарат” деп сыпаттады:

Президент Эрдоган партиялаштарына кайрылууда. Анкара, 30-октябрь, 2019-жыл.
Президент Эрдоган партиялаштарына кайрылууда. Анкара, 30-октябрь, 2019-жыл.

"Мен Кошмо Штаттардын коомчулугуна жана бүтүндөй дүйнөгө кайрылам: бул кадам маанисиз, биз аны тааныбайбыз”.

Тарых булактарына ылайык, Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында жана согуштан кийин Осмон түрктөрү бир жарым миллиондой армянды өлтүрүшкөн же депортациялашкан. Бир топ тарыхчылар жана айрым өлкөлөр ал окуяларды "тукум курут" деп эсептешет.

Анкара армяндардын өлүмү Осмон империясынын кулашын коштогон кайгылуу окуялардын жыйынтыгы болгонун, ал жылдары түрктөр да жабыркаганын айтып, геноцид тууралуу дооматтарды четке кагып келатат. Түркия өлгөн армяндардын саны айтылгандан алда канча аз болчу деп ырастоодо.

Резолюцияны Калифорния штатынан депутат, демократ Адам Шифф сунуш кылган. Документ эми Сенатта колго салынмакчы.

Осмон империясы маалында армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныган өлкөлөр
Осмон империясы маалында армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныган өлкөлөр

Түркия, Өкүлдөр палатасынын мындай чечими эл аралык жана регионалдык коопсуздук үчүн абдан сезимтал учурда, өз ара алакаларга терс таасирин тийгизерин эскерткен.

30-октябрда түрк Тышкы иштер министрлиги АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилдди чакырып, резолюцияга байланыштуу нааразылыгын расмий билдирди. Министрлик документтин “тарыхый же укуктук пайдубалы” жок деп белгиледи.

Ага чейин түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу резолюцияны Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция үчүн “өч алуу аракети” деп сындаган.

9-октябрда түрк армиясы Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуул баштаган. Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерди ал аймактан чыгаруу буйругун берген. Вашингтон Анкаранын жортуулун айыптаган.

Геноцид боюнча резолюциядан кийин Өкүлдөр палатасы Сириядагы аскердик операция үчүн Трампты Түркияга каршы экономикалык санкция киргизүүгө үндөгөн чечим кабыл алышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG