Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Азербайжан менен Армения бири-бирин тынчтык келишимин бузду деп айыпташты


Чек арадагы армениялык аскер. 16-июнь, 2021-жыл.
Чек арадагы армениялык аскер. 16-июнь, 2021-жыл.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 9-декабрда чек арага жакын аймакта «армян күчтөрүнүн чагымчыл аракеттеринен улам» бир аскери мүрт кеткенин билдирди.

Армениянын Коргоо министрлиги 8-декабрда азери күчтөрү алар тарапты көздөй ок атканын маалымдап, Бакуну «чагымчыл аракеттерден карманууга» чакырды.

Түштүк Кавказдагы эки коңшунун мамилеси 2020-жылдын жазындагы 44 күндүк согуштан бери чыңалган бойдон калууда. Тоолуу Карабак анклавынын айынан тутанган куралдуу жаңжалда кеминде 6,5 миң киши каза болгон. Согуш Москванын ортомчулугу менен тараптар келишим түзгөндөн кийин токтогон. Документке ылайык, Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын бир топ бөлүгүн өз көзөмөлүнө кайтарып алган.

Өткөн айда куралдуу салгылашуулар кайра жанданган. 10-декабрда Түштүк Кавказдагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоого багытталган «3+3» форматындагы кызматташуу платформасынын биринчи жыйыны Москвада өтөт.

Ага Азербайжан, Армения, Грузия, Орусия, Иран жана Түркия катышат. Жыйынды өткөрүү демилгесин Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG