Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Жогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт


Жогорку Кеңеш имараты.
Жогорку Кеңеш имараты.

Жогорку Кеңештин спикеринин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды жаңы келе турган эл өкүлдөрүнө иш бөлмөлөрүн өз алдынча өткөрүп берүү туура эмес экенин эскертти.

Бул тууралуу ал бүгүн 9-декабрда парламенттин жалпы жыйынында айтты:

“Кийинки чакырылыштын депутаттарына сүйлөшүп алып өзүңүздөрдүн иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер. Себеби кийинки чакырылыштын депутаттарынан комиссия түзүлүп, алар өздөрү чечиши керек. Ошондуктан өз ара сүйлөшүү аркылуу иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер”.

Касымалиева кайсы депутаттар мындай сүйлөшүү жүргүзүп жатканын тактаган жок.

Соңку күндөрү шайлоодо уткан айрым талапкерлер Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн бөлүштүрүү аракетин көрүп жатышканы коомчулукта бейрасмий айтылууда.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми кыргыз парламентинде 90 орун болот. Шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы керек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG