Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Кайрат Чокеев Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан чыгарылды


Кайрат Чокеев.
Кайрат Чокеев.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге кол салган топтун арасында болгону айтылган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев президенттин алдындагы коррупцияга каршы ишкердик кеңештин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирип, курамга таза кишилер кириши керектигин кошумчалады.

“Кеңештин курамын президент бекитет. Чокеев ал кеңеште жок. Мен төрайым катары ар бир облус, райондордо коомдук кабыл алуу бөлүмдөрүн ачып, жетекчилерине жергиликтүү активисттерди кошкула деп уруксат бергем. Чокеевди Токмок шаардык кеңеши жана дагы эки жак сунуштап, 21-октябрда Чүй району боюнча коомдук башталгычтагы мүчө болгон экен. Аны мүчөлүктөн чыгаруу боюнча тапшырма бердим. Азыр кызматтык териштирүү жүрүп жатат”.

Буга чейин бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары Кайрат Чокеев президенттин алдындагы коррупцияга каршы ишкерлер кеңешине мүчө болгонун жазып чыгышкан.

1-декабрда өкмөт үйүнүн алдына Кыргызстанда митинг, пикеттерди токтотууну талап кылгандар чогулуп, бирок акция өтпөй калган. Ошол эле күнү алар чогулгандардын бир тобу өкмөт үйүнүн артында жайгашкан Park Hotel мейманканасында отурган Өмүрбек Текебаевге кол салышкан.

Ал топтун арасындагы Кайрат Чокеев баштаган бир нече жаран 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашкан. Алар максаттуу түрдө Текебаевге кол салуу үчүн чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга бары, саясатчы менен капыстан чыр чыгып кеткенин айтышкан.

2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. 3-декабрда Текебаев кармалган Ыбыш Эшпаевге доосу жок экенин айткан, Бишкек шаардык милициясына тосмо арыз жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG