Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Министрлер кабинети үлүшчүлөрдүн укугу жөнүндө токтом сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда турак жай куруучулар менен батир алуучулардын укук, милдеттери камтылган жобо коомдук талкууга коюлду.

Аны Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги даярдаган.

Мекеме өлкөдө курулуш тармагындагы компаниялардын 99% үлүш негизинде чогулган каражат менен иштей турганын, бул жобо тобокелчиликтерди азайтууга багытталганын билдирди.

Азыркы эреже боюнча курулуш компаниядан үлүштүк келишим менен батир алган жарандар мамлекеттик каттоо реестринде батирдин ээси катары каттала албайт. Башкача айтканда, жаңы салынып жаткан батир каттоого алынбайт жана бул жарандар үчүн тобокелчилик. Компания курулушту кечиктирген же банкрот болуп калганда үлүшчүнүн укугу каралган эмес.

Жобонун долбоорунда тобокелчиликти чечүү үчүн компаниялар үлүшчүлөрдүн акчасына өз алдынча курулуш жүргүзүүгө тыюу салынат. Компания өз акчасына турак-жай салып же банктан насыя алышы керек. Үлүшчүлөрдүн акчасына үй салуу үчүн төмөнкү талаптарды аткаруусу зарыл:

“Үлүшчүлөр акча которо турган мамлекеттик коммерциялык банктарда эскроу эсебин ачуусу керек. Ошентип, бир эсеп боюнча батирдин жалпы баасы түзүлөт. Эскроу эсептери транзакциянын коопсуздугуна кепилдик берет. Эгерде куруучу банкрот болуп калса, анда каражаттар үлүшчүгө кайтарылып берилиши керек же алардын эсебинен үйдүн курулушу бүткөрүлөт”, - деп жазылган долбоордо.

Жобонун толук мазмуну менен бул жерден таанышыңыз.

Соңку жылдары Кыргызстанда элден үлүш негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG