Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Майыптыгы бар адамдар ассоциациясы Сокулукта Социалдык-эмгек-реабилитация борборун курууда


Калык Мамбетакунов. Архивдик сүрөт.
Калык Мамбетакунов. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын “Майыптыгы бар адамдар ассоциациясы” уюму Чүй облусунун Сокулук районунда Социалдык-эмгек-реабилитациялоо борборун куруп жатат. Уюмдун маалыматына караганда, бул долбоорду ишке ашырууга араб фонддорунун бири жардам берүүдө.

Жалпы аймагы 20 соткалык жерде буту-колунан майыптыгы бар жаштар үчүн окутуу борбору, жатакана, чакан цехтер ачылат. Окуу борборунда сабактар үч, алты ай жана жарым жылдык мөөнөт менен өткөрүлүп, жаштар кийим оңдоо, чач тарач, тамак жасоо, тигүү, темир ширетүү, жагач устачылык деген жана башка 18 түрдүү кесипке үйрөтүлөт. Жыйынтыгында ар бирине сертификат тапшырылып, өз алдынча жумушка орношуп, иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Ассоциациянын президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, бул сыяктуу борбор Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жатат, кийин мындай тажрыйбаны башка аймактарда да жайылтуу планы бар.

Борборду уюштурууга Чүй облусунун майыптыгы бар жаштар уюму баштаган долбоор негиз болгон. Алар 7-8 жыл мурда Сокулук районунун акимчилигине кайрылып, Маданият үйүнүн кароосуз калган жертөлөсүн ашар жолу менен тазалап, оңдоп, чакан ишкана башташкан. Ал жерде азыр майыптыгы бар балдар устачылыкка, кыздар тикмечиликке үйрөнүп жатышат.

Ачылышы келерки жылдын жаз айларына пландалып жаткан борбордун төрт кабат жаңы имаратын куруу иши уланууда. Араб фонду курулуш иштеринен тышкары ички жабдыгын камсыз кылып, техникасын алып берип, кийин да тейлөөнү улантуу милдетин өзүнө алды.

Араб фондунан тышкары борбордун жер жана башка маселелерин чечүүгө белгилүү ишкерлердин бири, жергиликтүү тургундар жана Сокулук аймагындагы 20 чакты айыл өкмөтү, депутаттар, райондук кызмат-уюмдардын жетекчилери бир күндук айлыгын которуп, жардам беришкен.

Совет маалында майыптар иш менен камсыз болгон атайын завод-фабрикалар бар болчу. Кийин алардын көбү буюртма жоктугунан ишин токтотууга мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG