Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Өкмөт Казакстанга кошумча суу берүү себебин түшүндүрдү


Акылбек Жапаров менен Аскар Мамин. 8-декабрь, 2021-жыл. Нур-Султан шаары.
Акылбек Жапаров менен Аскар Мамин. 8-декабрь, 2021-жыл. Нур-Султан шаары.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Казакстанга жай саратан, кургакчылык маалда кошумча сугат суу берилгени тууралуу түшүндүрмө берди. Анда мындай кадам электр энергиясын алышып-беришүү тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашканы айтылат.

Коңшу өлкөгө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-декабрда Нур-Султан шаарында казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда ачыкка чыккан. Бул маалымат Кыргызстанда талаш-талкуу жаратты.

Ушул тушта Токтогул суу сактагычында 11 млрд. кубга жетпеген суу бар жана жазында авариялык абал жаралышы ыктымал.

Казак премьер-министри Аскар Мамин кыргызстандык кесиптеши Акылбек Жапаров менен жолуккан учурда жайында Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени үчүн ыраазчылык билдирген.

Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта "өкмөт башчысы эки өлкөнүн суу-энергетикалык чөйрөдөгү кызматташуусуна, анын ичинде транс чек аралык Сырдарыя, Чу, Талас дарыяларындагы суу ресурстарын жөнгө салууда ыкчам көрүлгөн аракеттерге жогорку баа берди. Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу бергенинен улам Казакстандын түштүк аймактарынын агрардык керектөөсүн сугат суу камсыз кылганы белгиленди" деп жазылган.


Кыргызстанда быйыл кургакчылык болуп, дыйкандар сугат суудан кыйналган. Мындан улам айрыкча социалдык тармактарда Казакстанга кошумча суу берилгени талаш-талкуу жаратты.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги буга байланыштуу учкай түшүндүрмө берди. Анда мындай аракет электр энергиясын өз ара алышып-беришүү тууралуу эки тараптуу макулдашуунун негизинде ишке ашканы айтылган. Мекеменин ырасташынча, казак тарап быйыл жаз жана күз мезгилинде 900 миллион кВт электр энергиясын берет.

"Келишимдин негизинде март-май айларында 420 миллион кВт электр энергиясы берилди. Мындан улам Токтогул суу сактагычында суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргыз тарап өз кезегинде июнь-августта 300 миллион кВт электр энергиясын берди. Кыргызстан Казакстанга берген электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт. Муну менен катар коротулган суу аталган электр энергиясын өндүрүүгө жумшалат. Энергетика министрлиги кошумча суу гидроагрегаттардын айланып өтүп агызылбаганын жоопкерчилик менен билдирет. Анткени ар бир куб метр суу электр энергиясына айланган",- деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Казакстанга кошумча суу берилгени Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешов парламент жыйынында президенттин өкүлүнө кайрылып, түшүндүрмө талап кылды.

"Казакстанга жай мезгилде Токтогул суу сактагычынан 330 миллион куб суу агызылганы боюнча маалымат чыкты. Ошол учурда биздин дыйкандарга суу жетпей жаткан. Так маалымат бергилечи, Казакстанга качан, канча көлөмдө суу бергенбиз? Токтогул ГЭСи жазында иштейби же иштебейби? Сууну берип, ордуна канча электр энергиясын алдык? Бул суроолорго так жооп бергиле".


Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев Казакстанга кошумча суу берилгенин сындап чыкты жана өкмөттү туура эмес маалымат берип жатат деп айыптады.

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

"Эмне үчүн Кыргызстан өзүбүзгө суу жетпей жатса суу берип жатабыз? Ошол 300 миллион куб суу бизге азыр аябай жетишпей жатат. Ошол суу бизге 10-15 күнгө жетмек. Туура эмес саясат болуп жатат. "Улуттук энергохолдинг" туура эмес маалымат таратууда. Алар "сууну бердик, электр энергиясын кайтарып алдык" деп айтып жатат. Андай болгон жок. Анткени Казакстан өзүнүн милдеттемесин аткарган жок. Алар 900 миллион кВт саат электр энергиясын 1-декабрга чейин бизге толук бериши керек эле. Болгону 616 миллион кВт саат электр энергиясын берди. Калганын жыл аягына чейин бере албайт. Токтогулда 11 млрд. кубдан аз суу калды. Ал кышкыга жетпей калышы мүмкүн. Энергетика министрлиги дагы, "Улуттук энергохолдинг" дагы өз мамлекетине кайдыгер мамиле кылып жатат. Бул туура эмес саясат".

Өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев Казакстандан убадалашкан электр энергиясы импорттолуп жатканын билдирген.

“Электр энергиясын керектөөнүн жогорулашы менен 2022-жылдын 1-апрелине карата суунун деңгээли 7 млрд. куб метрге чейин түшүшү күтүлүүдө. Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо үчүн Түркмөнстандан 502 млн. кВт/саат, Казакстандан 900 млн. кВт/саат жана Өзбекстандан 750 млн. кВт/саат электр энергиясын импорттоо макулдашылган. Учурда келишимдик негизде товар алмашуу уланып жатат”.

Деген менен эксперт Жаныбек Оморов Кыргызстан кыйчалыш учурда өз кызыкчылыгын ойлошу керектигине токтолду.

"Ушундай кыйын абалда соодалашканда экономикалык кызыкчылыктар тең каралышы керек. Казакстан деле электр энергиясы жетпей баратканда экспортту азайтпадыбы. Ошол келишимдин чоо-жайы жарыяланган жок. Бизде эми ушундай адат болуп калды. Кандай негизде макулдашуу болду, экономикалык жактан бизге кандай пайда алып келет, ошолордун баары ачык жарыяланышы керек эле. Кандайча биз жайында сууну көп агыздык, электр энергиясы кайда кетти, ошонун баары айтылышы керек эле. Суу агызганда электр энергиясы өндүрүлөт да".

Ушул тушта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен ылдый түштү. Кыргызстан бир кышта 6-7 млрд. куб суу колдонгонун эске алганда, бул көрсөткүч жазга чейин жарымына кемиши мүмкүн.

Анда өлкөдөгү эң башкы гидроэлектрстанция (ГЭС) авариялык кырдаалга кептелет. Бирок энергетика тармагындагы органдар анын алдын алуу үчүн аракеттер жүрүп жатканын билдирип келет.


Акылбек Жапаровдун 7-8-декабрдагы Нур-Султан сапарынын алкагында төрт документке (Кыргызстандын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы ("Жол картасы"); 2022-2024-жылдарга "Алматы-Бишкек" экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы; Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишими; "Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы) кол коюлду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен да жолукту. Иш сапарынын алкагында "Астана" эл аралык финансы борбору, санариптик өкмөттүн кеңсеси өңдүү жайларда болду.

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү быйылкы жылдын тогуз айында 680 миллион долларды түзгөнү, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8% жогору экени айтылды. Андан сырткары Кытайдан Казакстан аркылуу Кыргызстанга товар ташуу соңку он ай ичинде 1,5 эсе өсүп, 265,7 миң тоннага жеткени маалым болду.

Казакстандан эмдиги жылы 1 миң автобус жана 100 атайын техника алуу каралган меморандумга кол коюлду.

Жолугушууларда Казакстан былтыр коронавирус пандемиясынан улам жапкан чек арасын качан ачары тууралуу маселе көтөрүлүп-көтөрүлбөгөнү айтылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG