Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Токтогул ГЭСи: кризис жазда тереңдейби?


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен ылдый түштү. Кыргызстан бир кышта 6-7 млрд. куб суу колдонгонун эске алганда, бул көрсөткүч жазга чейин жарымына кемиши мүмкүн.

Анда өлкөдөгү эң башкы гидроэлектрстанция (ГЭС) авариялык кырдаалга кептелет. Бирок энергетика тармагындагы органдар анын алдын алуу үчүн аракеттер жүрүп жатканын билдирүүдө.

Суу сактагычтагы абал

“Улуттук энергохолдинг” компаниясына караштуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күн сайын жаңыланып көрсөтүлүп турат. Ага ылайык, көрсөткүч 3-декабрдан тартып аталган чектен төмөндөй баштады.

“Электр станциялары” ишканасынын техникалык директору Руслан Турганбаев 5-декабрга карата соңку абал менен тааныштырды:

Кыргызстандын электр линиялары
Кыргызстандын электр линиялары

“Бүгүнкү күнгө 10 млрд. 917 млн. 36 миң куб суу бар. Суунун келиши секундасына 154 метр куб, сарпталышы 429 метр куб болуп жатат. Мында сууну экономдоо үчүн Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугун 300 мегаваттан жогорулатып, азыр 400 мегаваттын тегерегинде кармап жатабыз. Азыр анчалык чоң жүк келүү жок, бирок калганы калктын керектөөсүнөн көз каранды”.

2019-жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 16,1 млрд. куб метр, 2020-жылдын ушул мезгилинде 13,5 млрд. куб метр суу бар болчу. Башкача айтканда, 2021-жылдын көрсөткүчү алардан 4-5, же 2-3 миллиардга аздык кылууда.

Албетте, бул кыскаруу 5-10 жылда кайталанып туруучу суунун тартылуу циклинен улам болуп жатканы мурдатан эле түшүндүрүлүп келген. Ушул жагдайга байланыштуу негизги суу сактагыч өткөн кышта 8,5 млрд. кубдук көрсөткүч менен чыккан. Эми быйыл кыштан канча көлөм менен чыгат?

Атайын эсепте Кыргызстан кышкы сезондо 6-7 млрд. куб метрлик суунун кубатын колдонуп чыкчу. Жөнөкөй математикалык эсеп менен ушул санды кемитсек, анда Токтогул суу сактагычында келе жаткан жазда болгону 5 млрд. кубдун тегерегинде гана суу калчудай. Бирок 7 млрд. кубдан ылдыйласа, бул “Токтогул” ГЭСи үчүн авариялык абал жаратат.

"Токтогул" суу сактагычы
"Токтогул" суу сактагычы

“5,6 млрд. кубга түшкөндө “мёртвый” чекке жетти деп эсептелет. Бирок ага чейин дагы көп бар. Бизде мартка чейин жетиштүү көлөм менен чыгып кетебиз деген үмүт бар. Себеби, биз электрди импорттоп да келип жатпайбызбы”,-деди “Электр станциялары” ишканасынын техникалык директору Руслан Турганбаев.

Арийне, акыркы мезгилдери Кыргызстанда жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп жаткан. Бирок керектөө да ушунча, кээде андан да көбүрөөк болуп кетет. Быйылкы керектөө кеминде 18-20 млрд. кВт/саат деп божомолдонгон. Башкача айтканда, кеминде 3-4 млрд. кВт/саат, болбосо 6 млрд. кВт/саатка чейин тартыштык жаралышы мүмкүн.

Кыргызстан электр жетпей калганда жыл сайын эле сырттан импорттоп келет. Бирок быйыл бир нече өлкөдөн алууга аргасыз болууда. Жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр тогу импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстандан да электр кубатын алып жаткан. Соңку убактарда Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда.

26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев бул жөнүндө мындай маалымат берген эле:

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

“Электр энергиясын керектөөнүн жогорулашы менен 2022-жылдын 1-апрелине карата суунун деңгээли 7 млрд. куб метрге чейин түшүшү күтүлүүдө. Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо үчүн Түркмөнстан Республикасынан 502 млн. кВт/саат, Казакстан Республикасынан 900 млн. кВт/саат жана Өзбекстан Республикасынан 750 млн. кВт/саат электр энергиясын импорттоо макулдашылган. Учурда келишимдик негизде товар алмашуу уланып жатат”,-деген ал.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары “Токтогул” ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары “Токтогулдагы” суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Маселенин башка өңүттөрү

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар “Токтогул” (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери.

“Камбар-Ата-1” жана сыяктуу башка гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча аракеттер болуп жатканы менен жемишин бербей келет. Натыйжада кошумча кубаттуулуктары жетишсиз болууда.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев кепке кошулду:

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

“Негизи бул маселенин баары мурдагы жетекчилердин мүчүлүштүктөрүнүн натыйжасынан улам болуп жатат. Суу азая баштаганда эле жайкысын үнөмдөөгө өтө башташ керек болчу. Экинчиден, азыркы министрлик Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегат 1-сентябрдан ишке кирет деп маалымдаган. Бирок ал дагы деле ишке киргизише элек. Бул дагы азыр кубаттуулукту мажбур түрдө азайтып жатат. Эгер азыр сырттан импорттоло деп бекитилген электр энергиясы келсе, эптеп чыгып кетсек болот. Бирок келбей калса анда оор болот. Албетте, таптакыр эле жарык өчүп калат деп айта албайм, бирок өчүрүүлөр көп болушу мүмкүн”.

Кыргызстандын бийлиги энергетикалык каатчылыкка байланыштуу быйыл күндөргө, айларга же жылга шарттуу түрдө лимит койгон. Буга улай аталган тармактагы мекемелер калкты электр энергиясын үнөмдөө боюнча бир топ чакырыктарды жасап келди, айрым жерлерде жылыткычтарга мөөр да басып чыкты. Бирок ага карабай жалпы эсепте керектөө кеминде 10-15% ашыкча чыгып жатат.

Кыргызстандын Эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов жөн гана үнөмдөө чакырыгы аздык кыларын, калкка да тарифти көтөрүү зарылдыгын белгиледи:

Калый Рахимов
Калый Рахимов

“Бир жылы президентти шайлаш керек болуп, бир жылы парламентти шайлаш керек болуп ушул убакка чейин тарифти төмөн кармап келишти. Айрымдар айтмакчы “социалдык тариф” да эмес, “саясий тариф” болуп келди. Акыркы жолу көтөргөн кезде катардагы колдонуучуларга да баа кошуш керек болчу. Жок дегенде 10-15 тыйын кошуш керек болчу. Себеби, бизде дүйнөдөгү эң төмөнкү тариф. Тариф көтөрүлсө, эл жарыкты эконом кылып баштамак”.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган. Ал эми калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн мурдагыдай эле 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөй турган болгон.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин соңку олтурумунда жалпы эле энергетика тармагындагы жагдайга мындайча токтолгон эле:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Энергетикалык тармак азыркы учурда терең кризисте турат. 30 жыл бою мурдагы жетекчилер тарабынан энергетика тармагына кош көңүл мамиле болуп келген. Анын натыйжасында орун алган критикалык көйгөйлөр айтылбай келген, алар бизди бүгүнкү күндөгү кырдаалга алып келишти, биз кайсы учурда болбосун энергетикалык коллапстын жеткен чегинде болуп калышыбыз мүмкүн. Башкаруунун натыйжасыз системасы, коррупция, өнөкөткө айланган толук каржылабагандык, отун алуу секторлорундагы техникалык жана технологиялык артта калуулар, отундун импортунан көз карандылык, керектөөнү реалдуу эсепке алуунун өркүндөбөгөнү, техникалык жана өндүрүштүк жоготуулардын жогорку коэффициенти, электр энергиясын уурдоо — бул Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагы туш болгон көйгөйлөрдүн бир гана бөлүгү. Мунун бардыгы ондогон жылдар бою улантылып келген. Электр станцияларынын жана түйүндөрүнүн негизги жабдууларынын эскирүү деңгээли 50%дан жогору. Гидроэлектрстанциялардын айрым агрегаттары 30-40 жылдан ашык иштетилип жатат. Натыйжада, бөлүштүрүү компанияларынын түйүндөрүндө электр энергиясынын жоготуулары 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыктары боюнча — миллиард киловаттан ашкан. 2021-жылдын башында электрэнергиясын керектөөнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында анын тартыштыгы 3 миллиард киловатт түзөөрү божомолдонгон. Ошол эле учурда электр түйүндөрүнүн натыйжасыздыгынан жана эскирүүсүнөн улам биз жылына 3 миллиард киловатт жоготуп жатабыз”,-деген президент Садыр Жапаров жыйында.

Президент айткандай, 2021-жылдын он айында Кыргызстанда 4 110 жерде авариялык өчүрүүлөр болгон. Же күнгө алганда 14 өчүрүүгө туура келет. Бирок бейрасмий маалыматтарда бардык аймактарда өчүрүүлөр тууралуу даттануулар көп болуп жатты, арыздар ушул күндөрү да арбын.

Евразия Өнүктүрүү Банкынын жаңы баяндамасында электр энергиясынын өчүрүүлөрдүн көбөйүшү Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө да терс таасирин тийгизери көрсөтүлгөн. Себеби, жарык өчкөн учурда көп ишканалардын өндүрүшүн токтотууга же, кыскартууга аргасыз болот.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG