Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаевге жолукту


Акылбек Жапаров менен Нурсултан Назарбаев.
Акылбек Жапаров менен Нурсултан Назарбаев.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти - эл башы Нурсултан Назарбаевге жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Акылбек Жапаров менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулаганы айтылат. Өзгөчө басым соода-экономикалык тармакка, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалган.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди жана казак элин Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап жана президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо айткан.

Акылбек Жапаров 7-8-декабрь күндөрү иш сапар менен Казакстандын борбору Нур-Султанга барды. Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаев, өкмөт башчысы Аскар Маминге жолугушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG