Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Митингге чыккан конуш тургундарына үйүнүн техпаспорту тапшырылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 9-декабрда Бишкек мэриясы “Жер Ынтымагы” конушунун тургундарына үйлөрүнүн техникалык паспортун тапшырат. Мэриянын маалыматына караганда, конуштун тургандары менен шаар башчысы Айбек Жунушалиев жолугат.

“Түштүк-батыш көрүстөнүнүн” жанындагы “Жер Ынтымагы” конушунун тургундары быйыл 18-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жалпысынан 1300 үй курулган, 10 миңдей адам жашаган конуш 15 жылдан бери документ ала албай жүргөнүн айтышкан жана аны мыйзамдаштырып берүүнү суранышкан. Алар менен президент Садыр Жапаров жолугуп, маселеси чечилерин, митингге чыгуунун кереги жок экенин, кимдир бирөө мындан ары жер басып алса дароо камакка алынарын эскерткен.

6-декабрдан тартып бул конушта атайын мобилдик топтор үймө-үй кыдырып иштеп, техникалык паспорт даярдоого киришкен.

"Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам быйыл 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG