Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

ЖК: Камактагы депутат Жетигеновдун маселесин кароо кийинкиге калды


Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.

Депутат Бакытбек Жетигеновдун маселесин Жогорку Кеңеш 9-декабрдагы жалпы жыйынында карашы мүмкүн. Мындай сунуш парламентте кечээ айтылган жана жалпы эле «бийликти басып алуу» деген айып боюнча иш тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу сунушу киргизилген.

Жетигеновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Башкы прокуратура Жетигенов менен катар Жогорку Кеңештин камактагы дагы эки депутатын – Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макулдук алуу үчүн парламентке сунуштама жөнөткөн.

Мекеме эгер Жогорку Кеңеш макулдук берсе алар кылмыш-жаза жообуна тартыларын, ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу үч саясатчынын камактан бошотулушуна негиз болорун жана депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө аларга карата иш убактылуу токтотуларын билдирген.

Сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. 8-декабрда комиссиянын корутундусунун негизинде парламент Жээнбеков жана Зулпукаров боюнча гана маселени карап, аларды жоопко тартууга макул эместигин айткан. Ал эми Жетигеновдин маселеси каралбай калган.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда УКМКнын тергөө абагына камалышкан.

УКМК парламенттик шайлоо алдында, 26-ноябрда “шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдар” деп 15тен ашык адамды кармаганын маалымдаган. Алардын жакындары жана тарапташтары атайын кызматтын айыптоосу негизсиз экенин айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG