Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Опузалап пара алууга шек саналган тергөөчү качууга аракет кылды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы менен кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын ыкчам-иликтөө операциясынан тартылган видеодо шектүү кызматкерлерден качууга аракет кылганын көрүүгө болот. Операция Жазык кодексинин 326-беренеси (“Опузалап пара алуу”) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштин алкагында жүргүзүлгөн.

Маалыматта милициянын тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн С.Б аттуу жарандан 300 миң сом опузалап талап кылганы айтылат. 7-декабрда тергөөчү 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Иликтөө уланып жатат.

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди буга чейин да кармаган. Декабрь айынын башында Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жемкорлукка шек саналып кармалган. 7-декабрда Бишкек мэриясынын өкүлү пара опузалоого шек саналып кармалганы кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG