Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Бишкек мэриясынын өкүлү пара опузалоого шек саналып кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеген кезде 45 миң доллар акча каражатын опузалап алган фактысы аныкталган.

Шектүү Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилди.

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди буга чейин да кармаган. 2-декабрда атайын кызмат Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жемкорлукка шек саналып кармалганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG