Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Рохинжа качкындары "Фейсбукка" 150 миллиард доллар доо койду


Мьянмадан Бенгал булуңу аркылуу Бангладешке келген рохинжа качкындары, сентябрь, 2017-жыл.
Мьянмадан Бенгал булуңу аркылуу Бангладешке келген рохинжа качкындары, сентябрь, 2017-жыл.

Улуу Британиядагы жана АКШдагы ондогон мусулман рохинжа качкындары "Фейсбукка" каршы 150 миллиард доллар доо арыз менен сотко кайрылды.

Арыз ээлери бул социалдык тармакта мусулман азчылыгына каршы жек көрүүнү күчөткөн сөздөр таркатылып жатканын мисал келтирип, буга жакында эле META болуп аты өзгөргөн "Фейсбук" компаниясын айыпташууда.

Доодо жалган маалыматтарды жана экстремисттик идеяларды жайылткан социалдык медиа алгоритмдери чыныгы жашоодо зордук-зомбулукка айланып баратканы айтылат.

"Фейсбук" бир гана максат менен программаланган роботко окшош: ал - аудиторияны көбөйтүү", - деп "Америка абазы" радиосу сотко жазылган доо арыздан үзүндү келтирди.

Доогерлердин айтымында, социалдык тармакта жек көрүү, бөлүп-жаруу жана жалган маалыматтарды жайылтуунун айынан миңдеген рохинжалардын өмүрү кыйылды.

Соттук териштирүүдө "Фейсбуктун" алгоритмдери сезимтал колдонуучуларды барган сайын радикалдуу топторго кошулууга үндөп, “автократиялык саясатчылар жана режимдер пайдаланган” жагдайлар айтылат.

Мьянмада негизинен мусулман рохинжалар кысымга кабылып келишет. 2017-жылдын август айында Рохинжа Аракан куткаруу армиясынын исламчылары Мьянманын полиция кызматкерлерине кол салып, бир нече адамды өлтүргөн. Буга жооп иретинде өкмөттүк күчтөр өлкөнүн түндүгүндөгү Ракхайн штатында аскердик операция баштаган.

Аймакта буга байланыштуу өткөн жылы жергиликтүү рохинжа мусулмандарын куугунтуктоо күчөй баштаган. Алардын 750 миңдейи коңшу Бангладешке качууга аргасыз болушкан. Бул этникалык топтун көптөгөн өкүлдөрү Мьянмада кала берүүдө. Алар башкаруучу аскер хунтасынын зордук-зомбулугуна жана кысымына дуушар болуп келгени кабарланган.

БУУ Мьянмадагы мусулман азчылыгына каршы операцияларды "геноцид" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG