Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Райондук сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду абактан бошотту


Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров.
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 9-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, сот Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Жогорку Кеңеш 8-декабрда Башкы прокуратуранын Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат сураган сунушун четке каккан.

Ал сунуш боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын чечимин 94 депутат колдогон.

Эки депутат "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

1-декабрга чейин иштеген Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, үч депутатты (Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигенов) жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

“Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармалган депутат Бакыт Жетигенов боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу азырынча чыга элек.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотулуп, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG