Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

476 миң гектар жайыт жерди ижарага берүү боюнча мыйзам долбоору талкууга чыкты


Соң-Көл жайлоосу. 2-август, 2015-жыл.
Соң-Көл жайлоосу. 2-август, 2015-жыл.

Айыл чарба министрлиги сунуштаган кунарсыз жайыттарды 20 жылга чейин ижарага берүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 9-декабрда биринчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Ага ылайык, Айыл чарба министрлиги кунарсыз деп эсептеп чыккан 476 миң гектар жер айыл өкмөттөрү жарыялаган ачык сынак аркылуу 20 жылга ижарага берилет. Жеңүүчүнү айыл өкмөтүндөгү атайын комиссия аныктайт.

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов учурда кунарсыз жайыттардан гектарына 12 сомдон салык алынып жатканын, эгер ижарага алган адам ал жерге бак тигип, өсүмдүк талаасына айлантса, гектарына 205 сомдон салык алынып, салык базасы дагы көбөйөрүн билдирди.

Парламент жыйынында 476 миң гектар жердин 243 миң гектары Ош облусунда экени гана айтылды. Калган облустар боюнча маалымат берилген жок.

Кыргызстанда жалпы 9,5 млн. гектар жайыт бар экени айтылып жүрөт. Бирок Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев анын 4 млн. гектардан ашыгы гана колдонуудагы жайыттар экенин, калганы аска-зоолордогу колдонулбаган жерлер экенин билдирди.

Акыркы жылдары малдын саны көбөйүп кеткендиктен, өлкөдө жайыт пайдалануу маселеси жаралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң. Кыргызстандын ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG