Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Төбөлдөр менен эл бир эле "тилде" сүйлөшүп жатабы?


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Тил үйрөнүүнү грамматикасын өздөштүрүп, сөздүктөн жаңы сөздөрдү жаттоо деп ойлогон элем. Көрсө, тил үйрөнүү үчүн б.а. ал жердеги маанини так биле алуу үчүн булар такыр жетиштүү болбойт экен. Эмне үчүн бир тилде сүйлөп, бирок бири-бирибизди түшүнө албайбыз?

Биз Түркияга окууга келип, каникулдарда бир аз иштеп акча кылып алалы деп, иш издеп калчу элек. Жолуккан кишилерибиз резюмени алып, маектешип бүткөн соң "Бара бериңиз! Биз сизге телефон чалабыз!" дешчү эле. Биз аны мага чалат экен деп түшүнүп, ооз кулакта телефон күтүп жүрүп канчалаган күндөр өттү. Сөздөрдү так билебиз, грамматикасын да, демек күтүү зарыл. Бирок, эч кандай чалуу келбейт. Көрсө, Түркиядагы иш дүйнөсүндө "Биз сизге телефон чалып айтабыз!" деген сөз ишке алынбай калгандын так белгиси экен.

Бир тилде сүйлөшүп жатып, бири-бирибизди түшүнбөгөн учурлар турмушта көп эле болот.

Кытайдан чыккан "Российиский" телефон

Жаңы студент болуп окуп жүргөндө бир досума акеси Орусиядан чөнтөк телефон жөнөтүптүр. "Накта Российский телефон" деп мактанып калды. Анан бир нерсе болуп аркасын ачып, аккумуляторун карап жатып, көзүмө илине түштү "Made in China" деп жазылып турат.

- Эй, сен муну Российский дедиң эле, Кытайдан чыгат турбайбы?,- дедим. Келип карап көрдү да:

- Аа, Кытайдыкы го... За то Российский да!

Көрсө, бизде Кытайдан келген товарлар сапатсыз, Орусиядан келгендер сапаттуу деген түшүнүк сиңиптир да, досум экөөбүз бири-бирибизди таптакыр түшүнбөй турдук...

Алайбектин апасы "мужик" экен...

Факультетте эртеден кечке кылмыш дүйнөсүндөгү "каралардын" окуяларын, имиш-имиштерди айтып, мактай турганын мактап, кумир тутуп моокуму канбай жүрө берген бир бала бар эле. Бир күн Алайбек (аты өзгөртүлгөн) деген каралар дүйнөсүндөгү каарман тууралуу айтып берип жатат. Кыскасы, досубуз айтып жаткан каарман Алайбек шаардагы "каралардын" эң чоңу менен тирешип калыптыр.

Себеби, бир-эки жерде "кайрып койгон жери бар экен" дейт аңгеме... Анан ал кыжырданып бир күн, күтүлбөгөн жерден Алайбекке эки машине менен куралчан адамдарын жөнөткөн.

Ал учурда Алайбек апасы менен автоунаада (башка адам жок) баратыптыр. Анан баягы кылмыштуу топтун балдары мунун машинасына аткылап, Алайбек качып жөнөйт. Апасы уулу андай иштерге аралашып жүргөнүн такыр билбегендиктен, Алайбек дагы ачыкка чыгаргысы келбей б.а. алар менен атышып-кырылышпай эле качып кутулуп кеткенге аракет кылыптыр. Акыры боло бербегенинен, качып баратып бир жерден бурулуштан чукул бурулуп, машинаны токтотуп:

- Апа, түшүп туруң!, - деп отургучтун астындагы оор куралдарын алып туруп, артынан кууп келе жаткан жанагы эки машинени бурулуштан бурулары менен аткылап, кайра кубалап ийген экен. Анан апасына:

- Апа, мен ушундаймын! Сизден суранам, муну атама айтпаң! - деген экен. Анан апасы макул болуп, атасынын көзү өткүчө Алайбектин бул кылыгын айпаган экен. "Алайбектин апасы мужик болгон экен" десе күлүп жатып калып, кыйлага чейин эстеп жүрдүк.

"Насмерть"​ маселе чечкен жезде

Кыскасы, менин бир таанышым бир жолу акча алмаштырган жерден 3-4 миң сом алданып калыптыр. Анын айтымында, көзүнүн алдында эсептеп бериптир. Бирок, кийин бери басып өзү эсептесе эле кем болуп чыгыптыр. Ошол окуяны бир досуна айтып берип жатат. Ал досу көчөдө көбүрөөк жүргөн бала болгон үчүн кантип алдап койгонун да билет экен.

- Сен колуң менен эсептеген соң, кел резина ороп берейин деп сенин колуңдагы акчаны алып, резинага ороп бердиби?, - десе, акча алдатып ийгени:

- Ооба!, - деди.

Жанагы досу:

- Ээ досум айттым го сергек болуш керек деп. Резинага оромуш болуп алып коёт, сен байкабай каласын! Ал жерге барба башка жерге бар десем да укпадың! Же окуяны билип калганыңда мага айтсаң жездеме чалмак экенбиз. Өткөндө да бир таанышы 14 миң алдырып койгондо келип алып берген. Ал базарды карайт да. Ээ, досум эй, ошондо эле чалганыңда жездем "насмерть" алып берет эле акчаңды!

Бийлик менен эл бир эле тилде сүйлөшүп жатабы?

Кыскасы, шайлоо өтүп, жаңы курам келди. Өкмөт деле дээрлик жаңы десе болот. Эми булардан эл эмнени күтөт? Айтылган сөздөрдүн маанисине карап олтура берүү туура болбой калары түшүнүктүү болду окшойт. Жогоруда бекерден мисалдарды тартканым жок. Келгиле, бул сөздөрдүн түз эмес, өтмө маанисине көңүл буруп көрөлү. Кыскасы, "Российский" деген сөз "бышык", "Мужик апа" деген сөз "сыр тута алган", "насмерть акча алуу" деген сөз "заматта өндүрүп берүү" деген мааниге келген дүйнөдө жашап жатабыз.

Бүгүнгө чейин өкмөт да, депутаттар да ар кыл убадаларды берип келишти. Бирок, айтылган убадалар көбүнчө аягына чыкпай келген. Биз болсо, булар бизди алдап келгенин айтып, капабыз жогору тарапка.

Балким, ушул күнгө чейин талапкерлер тарабынан айтылган "Экономиканын өсүшү, айлык акынын жогорулашы, завод-фабрикалардын ачылышы, элге күйүмдүү болуу" деген сөздөр биз билген түз мааниден башка өтмө маанини туюндурган болуп жүрбөсүн?

Ким билет, жогорку кызматка талапкер болгондор, шайлоо өнөктүгү учурунда бир да жалган убада бербеген чыгар. Алар ниетиндеги эле нерсени айтса, биз башкача жоромолдоп алып эле аларга капа болуп жүргөн болбойлу...

Ким ойлоптур бир күн келип, "Элге жардам берем, маселесин чечип берем, эл үчүн иштейм, мамлекеттик кызыкчылыкты башкы орунга коём" деген сөздөрдү жактырбай каларыбызды. Чынында эле бул сөздөр түп мааниге келеби же жокпу? Керек болсо ушудан да шек санай турган абалга келип жеттик, чамамда.

Негизи шайлоо алдында бир жакшына эле сүйлөшүп, бири-бирибизди жакшына эле түшүнүп жаткандай болобуз. Кийин жыйынтыкка келгенде эле эл "Чоңдор убадасына турбады" деп, ал эми айтылуу чоңдор болсо "Жок биз андай ойдо айткан эмеспиз. Биз ал жердеги сөзүбүз менен башка нерсени айткыбыз келген болчу" деп эле келе жаткандайбыз.

Эл менен бийликти ушул чала түшүнүшүү эле чабыштырып, бири-бирин жаман көрсөтүп келе жатабы дейм да. Чындыгында бизде жалган сүйлөгөн аткаминер жок окшойт деп калды эл деле. Анткени эл, шайлоо же дайындоо алдында берилген убадалары документтерге кирип, видеого так тартылып калса деле, убагы келгенде ошол убадаларын моюнуна коё албай келет эмеспи.

"Мен аны андай ойдо айткан эмесмин" деген сөз кыргыз саясатында жоопкерчиликтен качуунун бир инструментине айланып калды. Негизи, бирден көп мааниге келип калган сөздөр, сүйлөмдөр болгондой эле, бир гана мааниге келген сөздөр сүйлөмдөр болот эмеспи. Адатта, тилди өтө чебердик менен колдонуп, көбүнчөсү адабий стилде бир нерсени айтып, түшүндүрүп, сүрөттөп берүүдө өтмө маанилер көп колдонулат. Мына ошол жерде, мисалга, "Акын бул ыр саптарында бул сөздөр менен муну айткысы келди же келбеди, бул сөзү менен муну эмес тигини чагылдыргысы келди" деген талкууларды түшүнсө болот.

Бирок, бизде өзү араң кыргызча сүйлөп жүргөн аткаминерде кайдагы адабий тереңдик, тилдик усталык? Бир эле мааниге келген сүйлөмдү араң түзүп, катасы менен кошо кыйналып сүйлөп жатканы деле "Мен ал жерде ал сөзүм менен аны эмес муну айткым келген болчу. Туура эмес түшүнүп алышты" дей берсе эле жараша бермек беле?

Кыяматтан кабар берген шейх

Бир диний уюмдун шейхи бир күн жамаатын топтоп алып:

- Оо калайык! Дүйшөмбү күнү кыямат кайым болот. Ушуну менен жашоо токтойт. Андыктан бүгүнгө чейин кечиктирип жүргөн нерсеңерди аткарып, жыйынтыктап алгыла, - дептир.

Аны уккан калайыктын маанайы түшүп, ибадат кыла турганы ибадатын кылып, таарынышып жүргөндөр кечирим сурашып анан да колдогу мал-мүлкүн баарын жеп жыргап, чачып бүтүрүптүр. Анан дүйшөмбү келип бирок эч нерсе болбой шейшемби да келиптир. Анан жанагы адамдар шейхке барып:

- Ибадат кылып, бири-бирибизди кечиришип, сыйлашып алганыбыз го жакшы болду. Кызыгы, биз тиричилик кыла турган мал-мүлкүбүздү да жеп койдук эле. Кыямат да болбой койду го? - деп сураптыр.

Анан жанагы шейх:

-Мен силерге, келе жаткан дүйшөмбүдө кыямат болот деп айттымбы?, - деп кутулуп кетиптир.

Ага барып арызданып алгандар кайра өздөрүн айыптуу сезип, кечирим сурап келе бериптир. "Жок жерден шейхибизди жалганчыга чыгарып ала жаздадык" деп осол болуп, келээрки дүйшөмбүнү күтө башташыптыр. Ал күн дагы тынч өтүптүр. Ошентип, бир топ дүйшөмбү өтүп, жашоо уланып эле келе бериптир.

Акыры бир жыл айланып, дагы деле кыямат боло бербегенинен бир чечкиндүүсү шейхке кайрадан барып суроону кабыргасынан коюптур.

"Айласы кеткен шейх эми эмне дейт болду экен? Кечирим сураса керек. Анткени андан башка эч шансы калбады" деп турса, шейх эч осол болбогондой:

- Оо калайык! Менин оюмдагы дүйшөмбү менен силердин оюңардагы дүйшөмбү башка,- дейт имиш.

Кыскасы, бул жердеги трагедия, биздин саясатчылардын оюндагы "дүйшөмбү" менен оозунан чыккан "дүйшөмбүсү" эки башка болуп, аны эл байкуш кадимки "дүйшөмбү" деп түшүнүп алып кыйналды окшойт.

Адамдын оюндагыны башкаруу мүмкүн эмес. Жоопкерчиликтен качуу үчүн айла көп. Муну көзөмөлгө алуу үчүн "Камаласың! Кусасың! Соттолосуң!" деген чаралар жыргатпайт. Керек болсо шайтандын оозун ачырган мындай айлакерликтин алдын алуунун бир гана эффективдүү жолу - дурус адамдарды тарбиялоо!

Киши фактору маанилүү. Китеп окуу, мектептерди жакшыртуу, үй-бүлө институтун чыңдоо, маданият жаатын көтөрүү деген темалар сиздердин көпчүлүгүңүздөргө кызыксыз, беймаза сезилерин билебиз. Качан ушундай темалар көтөрүлсө, жаа бою качып келе жаткандыгыңыздар да ырас!

Натыйжа эмне болду? Натыйжада, кыргыз саясаты чынчыл, компетенттүү адам таппай кыйналып келет! Ишенип алып келген кадамдары паракорлук менен кармалуудан, жооптуу кызматынын ашмалтайын чыгаруудан, убадасына турбай коюудан арыла албай келет!..

Андыктан, урматтуу төбөлдөр! Бул жактарга көңүл буруп коюңуздар! Узак мөөнөттө мөмө бергени менен эң эффективдүү мөмө мына ушул жаатта!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG