Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Диний ишеним көз жаш менен өлчөнбөйт


Бишкектеги мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар.

Мечиттерде же атайын диний маңыздагы иш-чараларда ыйлаган диний чөйрөнүн абройлуу кишилерин көп эле көрүп калабыз.

Диний үгүт-насаат айтып жатып, кандайдыр бир сезимтал маселе тууралуу сөз кылып жатып же болосо жамаатка атап бата кылып жатып ыйлап ийген молдоке, ажыкелер буга мисал.

Алтургай, кээде аларга кошулуп жамааттын ичинен да кошулуп ыйлап жиберген кишилер болот. Мындай көрүнүш "Диний агартуу иштеринде ыйлоонун орду кандай?" деген суроолорду ойго келтирбей койбос. Бул кадамга чындап ар бир мусулманга күйгөндүгү үчүн жана айткан сөзү аларга таасирдүү болушу үчүн ыйлап жибергенди туура деп эле кабылдап калышты.

Бүгүнгө чейин туура диний аң-сезимди калыптандырууга багытталган көптөгөн макалаларды жаздым. Фанаттык түшүнүктөн арыла албай калган кишилер тарабынан "дин душманы" катары таанылганым менен билими жогору, түшүнүгү кенен адамдар жазгандарыма оң баасын берип келет. Кимдин дос, ал эми кимдин душман экендигин тарых тастыктайт!

Бул макалам да биздин өлкөдө көпчүлүк тарабынан туура деп кабыл алынган, аныгында көптөгөн адамдарды (өзгөчө жаштарды) туура эмес багытка алып бараткан жагдай тууралуу болмокчу.

"Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы"

"Алар калп эле ыйлашат, чындап сага-мага күйбөйт, элди ыйлаткандан рахат алышат..." дегендерди дагы угуп жүрөбүз. Мындай ой-пикирлер деле жөн жерден айтылбаганы белгилүү эмеспи?

Бирок буга карабай, келиңиздер, биз азырынча бул пикирлерди туура деп эсептебей, буларга таянбай туралы. Натыйжада эч кимдин ичинде, жүрөгүндө же оюнда эмнелер болуп жатканын экинчи тарап так биле албайт эмеспи? Макул, булар субьективдүү б.а. бир тараптуу пикирлер болсун.

Биз бул жерде мүмкүн болушунча обьективдүү, логикалуу көрсөткүчтөр менен кеп кылалы. Менимче, бул жердеги абалды "Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы" деген макал так чагылдырып турат. Дегеним, биздин ажыкелер көбүнчөсү мусулман баласынын акырети үчүн сарсанаага батат. Диний сукпаттарында байма-бай сөз кылганына карабай жамаатта намазга жыгылгандар, орозо туткандар, жоолук оронгон айымдар көбөйбөй, ичкиликке берилип кеткендер азайбай жатса кыжалат болушат. Булар сыяктуу шариятта зарыл деп эсептелген буйруктарына жамаатты алгылыктуу моюн сундура албагандыгы үчүн, алардын эртең барып тозокко түшүп калышынан кабатыр болуп ыйлашат.

Бирок мындай аң-сезимдеги кишилердин жашоонун бир гана акырет менен чектелбешин билмексен болгону мени дайыма таң калтырып келет. Дегеним, акыреттин тозогуна түшүп калышына кыжалат болгончолук, бул дүйнөнүн тозогунда күйүп жаткан бурадарларга да кыжалат болуп коюшса!

Арак ичкен же намаз окуй албай калган кишилерди башка чапкандай кылып жерип, кези менен паска уруп адамдык ардагын, кишилигин сындырып, тепсеп бакырчаактык кылган ажыкелер, кези менен "Эмне үчүн намаз окуй албай жатасың?", "Эмне үчүн ичкиликке берилип кеттиң?" деп да сурап коер бекен? Натыйжа менен эмес себептер менен күрөшүү акылдуу адамдын иши. Андыктан, эмне үчүн диний буйруктарды же тыюуларды орундата албай жаткандыгын, мунун себептерин билүү жана аларга карата чара көрүү орундуу да.

Ооба, ичкиликке берилип кеткен ата үй-бүлөсүн кыйнайт, андай учурда туура жолго түшүүгө жол көрсөтүү, намаз окуу адамдын рухий дүйнөсүнүн тең салмактуулугун сактоого жардам берет.

Ким эле үй-бүлөсүн атайын азапка салып, рухий тең салмагын сактап жашагысы келбесин!?

Бирок "Эптеп намазга жыгыл, аракты ташта! Калганын билбейм, мага проблема айтпа" дегендей түшүнүк менен бул максаттарды орундатуу мүмкүн эмес го акыры.

"Намаз окубай жаткандардын бардыгы жалкоолугунан окушпайт, ичкиликке жаман адамдар гана берилип кетет" деген чабал тыянакка таянган "агартуу аракети" канчалык узакка бармак эле? Чын-ыкластуу агартуучу реалдуу шарттарды дайыма эске алып, талапка ылайык жашап кете албай жаткан адамдарыбыздын жүрөгүн сыккан маселеси менен эсептешкен соң гана жакшыга үндөйт!

Мындайча айтканда, курсагы тойбой жаткан кишиге "намаз оку, даабатка чык" деп жарга такагандай кылган – чындап элге күйгөн ажыкеге жарашпайт.

Жандуу мисал айта турган болсок, өткөндө пандемия күчөп, биз эле эмес дүйнөдөгү чоң державалар алапайын таппай турганда, оорунун жайылышынын алдын алуу максатында коомдук жайларды жаап турган элек. Ошондо мечит жабылып калгандыгы үчүн ыйлаган ажыкенин видеосу тарап, аны көрүп мечиттин айланасына адамдар чогулуп, алтургай ошол учурдун ажосунан кыйытма жеме да уккан эле.

Эми ойлонуп көрүңүз урматтуу окурман! Эмне үчүн бул кишилер бир мектеп, китепкана, маданият үйү жабылып калса ыйлашпайт? Же дубалы бири-бирине сөйөнүп араң турган шарттарда, контейнерде окуп жаткан балдарды көрсө, эмне үчүн рекциясы мынчалык катуу болбойт?

Ошол эле пандемия шартындагы обочолонуу жарыяланган учурда бир топ өндүрүш аймактары, ишканалар жабылды, мамлекеттик мекемелер ишин токтотуп турду. Булардын баары казынага чоң зыян алып келгендиктен, элдин жашоо-шартына зыяны тийе тургандыгы айдан ачык эле го. Бул абал билим-берүү жаатын да сынап, онлайн окутуш керек болуп, технологияны туура колдонуп кете албаган ата-эне, мугалимдер кандай күнгө кабылганы маалым.

Бул аралыкта өткөн бир канча айда окуучулардын билим алуусундагы эффективдүүлүк канчалык артка кеткени, бул абал эртең келечегибизге чоң таасир тийгизери белгилүү эле го? Эмне үчүн буларга кылы кыйшайып койбогон диний лидерлер мечиттер жабылганда гана кейиди?

Көз жаштын күчү

Андыктан, бул жааттын кишилеринин элдин дартына түшүп ыйлап жибергендин баары эле чын-ыкластуу экенине ишене албай калдым. Эми маселенин экинчи жагына б.а. айтканда жогоруда белгилеп өткөн экинчи күмөндүү жагдайга токтололу.

Ыйлап сүйлөгөндүн таасири күчтүү экендиги тажрыйбадан маалым. Үй-бүлөдө бала көз жаш менен канча иш бүтүрөрүн көрүп эле жүрөбүз да. Чарльз Дарвин ыйлоо кубулушун дененин физикалык жана психологиялык стресске берген реакциясы катары баалоо менен бирге, муну социалдык өз ара таасир берүү жана байланышуунун бир түрү, башкача айтканда, коомдук жүрүм -турумдун бир түрү катары сыпаттаган экен.

Мындан сырткары, немис филологу Никлас Холзберг: "Көз жаштарыңыз сизди жеңүүчү тарап кылат. Колдоруңуз менен нымдашкан көзүңүздү, бетиңизди аарчуу аркылуу болотту да жумшартканга жетише аласыз!",- деген сөзү менен көз жаштын адамдарыдан ортосундагы байланыш курууда кандай күчкө ээ экендигин таамай белгилеген.

Демек, көз жаштын күчү тууралуу түшүндүк. Бирок, биздин маселеге байланышкан жагын алып көрөлү. Ыйлаган учурда кишинин сезимдери козголгон болот. Бул учурда киши тийиштүү окуяларга нормалдуу шарттагы абалына салыштырмалуу катуураак реакция берери анык. Психологиялык изилдөөлөр кишинин эмоциялык абалдарынын таасирлери ал кишинин психикасына убактылуу гана таасир берерин айтышат.

Ага ылайык, кишиде эң узак мөөнткө таасир калтырган эмоциялык абал – бул капалануу (ашып барса бир канча күнгө уланат), ал эми эң кыска мөөнөткө таасир калтырган эмоциялык абал болсо – кубануу (болгону бир канча саатка гана созулат) экен.

Ыйлаган, сезимдер козголгон учурда алынган чечимдер акырындык менен күчүн жоготот. Негизи эле диний сукпаттарды, насаат айтууларды агартуунун бир бөлүгү катары көрө турган болсок, анда ал жерде айтылгандардын адамдардын аң-сезимине сиңип, дайыма таасир берип турушун максаттоо туура болот да. Мындан келди, жамаатты мечитке топтоп алып ыйлап/ыйлатып тарбиялоо – максатка ылайык эмес.

Дал ошол себептүү кечээ катуу таасирленип кетип намазга баштап ийип, көп өтпөй эски кылыгына кайтып кеткен бурадарлар көп болууда. Айткан кеби, үгүт-насааты адамдарга сиңимдүү болушун каалаган киши оболу психология, педагогика сыяктуу илимдерден кабар алып, коомдук жагдайды туура баамдап сүйлөөгө тийиш.

Акыры бирөө айтыш керек да...

Негизи эле "Жамаатты ыйлатып ийген молдоке кыйын молдоке, ыйлап ийген кишинин да ыйманы күчтүү" деген түшүнүк бар. Бул туура эмес. Эң күчтүү молдо – адамдарга үгүт-насаатын ыйлатпай, кагып-силкпей жумшак жана түшүнүктүү тил менен угуза алган киши. Агартуучунун моралдык милдети туура тил менен жеткирүү гана! Анын адамда таасир калтырып-калтырбашынан, аң-сезимге сиңип-сиңбешинен агартуучу жооптуу эмес. Маселенин бул жагы экинчи тараптын жоопкерчилигине калат.

Андыктан, диний жааттын агартуучулары туура нерсени туура тил менен эч кандай эмоциялык абалды ортомчу кылбастан жеткирүүгө ыктоосу зарыл. Диний аң-сезимин түзөгүсү келген же калыптандыргысы келген киши эч кандай сезимдердин таасиринде калбай, нормалдуу абалда ошол диний үгүт-насааттын туура экендигине ынанса, сиңимдүү болот. Бул болсо илим-билимге жанашуу менен гана мүмкүн!

Тарыхта ислам маданияты мечитте үгүт-насаат айтып же дуба кылып жатып ыйлап ийген диний лидерлердин көбөйүшүнөн эсебинен эмес, илим-билимдин өнүгүүсү, ага маани берүү аркылуу гүлдөп-өскөн. Андыктан диний чөйрөнүн аң-сезимин жогорулатууну, чыныгы Исламдык адеп-ахлакты жашообузда көргүбүз келсе үмүттү ажыкелердин көз жашына эмес, илим-билимге байлаган туура болор эле.

Жеке пикиримде, бул маселени ошол эле диний чөйрөнүн ичиндеги бир топ бурадарлар деле байкайт. Бирок бири-биринин жүзүнөн өтө албай, бетке айта албай келишет. Бул абалдан мечитке каттаган, ажыкелерди урматтаган эл, тилекке каршы, зыян тартып эле келет. Андыктан бирөө чыгып жаманатты болуп муну айтса болот эле.

Макул, мен буга макулмун. Акыры бирөө чыгып "Аалымдарыбызга асылба!" деген каралоого чыдаш керек да. Билип туруп ажыкенин жылуу жүзүнөн улам муну айтпай, көөдөнү кирдебеген он, балким, жүз миңдеген ак жүрөк адамдарыбызды ажыкелердин демогогиясына салып берип олтуруп алганга абийир жол бербеди.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG