Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Жетигенов боюнча депкомиссиянын корутундусу чыга элек


Бакыт Жетигенов.
Бакыт Жетигенов.

Жогорку Кеңештин үч депутатын жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын катынын негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия бүгүн, 9-декабрда депутат Бакыт Жетигенов боюнча корутундусун парламент жыйынына чыгарган жок.

Депутат Аманкул Токтомамбетов депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаевди "сөзүнө турган жок" деп сынга алды.

"Кечээ дагы айттым эле, кайра-кайра кайталагандан мен деле уялып жатам. Канат Исаев кайда? Комиссиясы кайда? Кечээ бүгүнкү отурумга алып чыгам деп жалпы элдин алдында сөз берген. Урматтуу төрайым, Канат Исаевди таптырыңыз", - деди Токтомамбетов.

Комиссиянын мүчөсү, депутат Евгения Строкова ар кандай түшүнбөстүктү жоюу үчүн комиссия курамына депутаттар Аманкул Токтомамбетовду, Алтынбек Сулаймановду, Айсулуу Мамашованы, Каныбек Иманалиевди кошуу сунушун берди.

8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Ал эми депутаттык комиссия Жетигенов боюнча корутундуну алып келген жок.

Бир катар депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровдун ишине Жетигеновдун дагы ишин кошуп кароону талап кылышкан. Депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаев түштөн кийин корутундуну даярдап келүүгө сөз берген. Бирок, түштөн кийин Канат Исаев Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келбей койгонун, андыктан корутунду даяр эмес экенин айткан.

Бакыт Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар камактан бошотуларын, алардын депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG