Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Казакбаев “Италия – Борбор Азия” министрлеринин жолугушуусуна катышты


8-декабрда Ташкент шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Италия Республикасы – Борбордук Азия” кызматташтык форматындагы министрлердин экинчи жолугушуусуна катышты.

Жыйындын негизги темалары региондогу актуалдуу чакырыктар жана окуялар, Борбор Азиядагы жаңы мүмкүнчүлүктөр маселелери, Ооганстандагы окуяларга басым жасоо менен аймактык коопсуздук, эл аралык жана регионалдык экономикалык кызматташтык, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар, Борбор Азия менен Италиянын ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги болгон.

Министр Казакбаев климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарынын азайышы, тынчсыздандырган уран калдык сактагычтар, тоо экосистемаларын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерин көтөргөн.

2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо жана 2027-жылы “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитин өткөрүү тууралуу кыргыз демилгелерине колдоо көрсөтүлөрүнө үмүттөнөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG