Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Бекешев Токтогулдагы суунун кошумча агызылышы боюнча маалымат талап кылды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Энергетика министрлигинен Токтогул суу сактагычындагы суунун агызылышы боюнча толук түшүндүрмө талап кылды. Депутат бул тууралуу парламенттин 9-декабрдагы жыйынында билдирди.

"Казакстанга жай мезгилде Токтогул суу сактагычынан суу агызылганы боюнча маалымат чыкты. Ошол учурда биздин дыйкандарга суу жетпей жаткан. Так маалымат бергилечи, качан, канча көлөмдө Казакстанга суу бергенбиз? Токтогул ГЭСи жазында иштейби же иштебейби? Сууну берип, ордуна канча электр энергиясын алдык? Бул суроолорго так жооп бергиле" , — деди Бекешев.

Кыргызстан сугат маалында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмүн агызганы 7-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен казак премьер-министри Аскар Мамин жолугушкан учурда белгилүү болду.

Мамин муну менен Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйкандардын сугат суусуна болгон муктаждыктары камсыздалганын айткан.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги 2021-жылы жаз-жай мезгилинде Токтогул суу сактагычынан кошумча көлөмдөгү суунун агызылганы боюнча түшүндүрмө таратты.

Анда Кыргызстандын калкын жана экономикасын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында Кыргызстан менен Казакстандын Энергетика министрликтери электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганы айтылат.

Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргызстанга 900,0 млн. кВт/саат электр энергиясын берип жатат.

Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейин Казакстандан 420,0 млн. кВт/саат электр энергиясы алынган, бул учурда Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кыргыз тарап Казакстанга 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган 300,0 млн. кВт/саат электр энергиясын кайтарып берген.

Энергетика министрлиги ар бир метр куб суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбей турганын билдирет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG