Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Министрлик Токтогулдагы суу боюнча түшүндүрмө берди


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Энергетика министрлиги 2021-жылы жаз-жай мезгилинде Токтогул суу сактагычынан кошумча көлөмдөгү суунун агызылганы боюнча түшүндүрмө таратты.

Анда Кыргызстандын калкын жана экономикасын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында Кыргызстан менен Казакстан Энергетика министрликтери электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганы айтылат.

Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргызстанга 900,0 млн. кВт/саат электр энергиясын берип жатат.

Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейин Казакстандан 420,0 млн. кВт/саат электр энергиясы алынган, бул учурда Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кыргыз тарап Казакстанга 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган 300,0 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берген.

Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин билдирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG