Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

BYPOL: Лукашенкого пара берген Айжан Кененбаева беларус жараны


Максим Бакиев жана анын мурдагы жубайы экени айтылган Айжан Кененбаева.
Максим Бакиев жана анын мурдагы жубайы экени айтылган Айжан Кененбаева.

Беларус оппозициясы түзгөн BYPOL (Беларустун күч кызматкерлеринин биримдиги) уюму өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенкого кымбат баалуу пара бергендердин бири Айжан Кененбаеванын беларус паспорту бардыгын билдирди. Бул тууралуу көз карандысыз уюмдун өкүлү, Беларустун Тергөө комитетинин мурдагы башкы тергөөчүсү Игорь Лобан “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү интервьюда айтты.

“Биздин колубузда Беларустун Ички иштер министрлигинин ГАИ кызматынын расмий базасындагы маалымат бар. Кененбаеванын атынан берилген техника электрондук базада так жазылган. Эки транспорт каражаты тең 2018-жылдын 11-июнунда тартуу келишиминин негизинде Лукашенконун коопсуздук кызматына өткөрүлгөн. Келишим түзүүгө Кененбаева беларус паспорту менен келген. Айжан Кененбаева Беларус Республикасынын жараны болгон”, – деди юстициянын майору Лобан.

3-декабрда BYPOL уюму YouTube каналында Лукашенкого кымбат баалуу пара берген 10 кишинин тизмесин жарыялаган. Кыргызстандын мурдагы президенти, ушул тапта Минскиде баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаева тизмеде экинчи болуп турат.

Иликтөөдө айтылгандай, Бакиевдер Бишкектин экстрадиция тууралуу талабын расмий түрдө четке кагуу үчүн Лукашенкого жалпы баасы 1,5 миллион доллардык автомашина жана мотоциклди Айжан Кененбаева аркылуу беришкен.

BYPOL уюму 2020-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Анын курамына, негиздөөчүлөрдүн маалыматы боюнча Беларуста мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүүгө умтулган күч кызматкерлери кирген. Быйыл ноябрь айында Минск бул уюмду «экстремисттик» деп жарыялап, мүчөлөрүнө каршы тергөө баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG