Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Байден Украина маселеси боюнча Орусия менен сүйлөшүү уланарын билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Украина менен Орусиянын чек арасында түзүлгөн абалга байланыштуу сүйлөшүүлөр уланарын билдирди. Жолугушуу боюнча толугураак маалымат 10-декабрга чейин берилерин ал шаршембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

«Жакшы жаңылык катары айтарым – биздин командалар дайыма байланышта турушат. Жума күнгө чейин сиздерге жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөрүн маалымдай алабыз деп үмүттөнөм. НАТО боюнча кеминде төрт негизги өнөктөшүбүз жана Орусия катыша турган сүйлөшүүдө орус бийлигинин НАТОнун чечимине байланыштуу кабатыр болуп жаткан маселесин талкуулап, жөнгөрүү жолдорун иштеп чыгуубуз зарыл».

Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын бул өлкөдө аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун жана жооп кайтарылышы мүмкүн экенин буга чейин айткан.

Ал эми АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинанын чек арасына жакын жерде Орусия тарапта соңку жылдардагы эң көп аскердик топтолуу байкалганын кооптонуу жаратуучу фактор деп атап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG