Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Аялдарга карата зомбулукка каршы талкуу өтөт


Аялдарга карата зомбулукка каршы акция. Архивдик сүрөт.
Аялдарга карата зомбулукка каршы акция. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 9-декабрда Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы талкуу өтөт. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар программасынын колдоосу менен International Alert эл аралык уюму уюштурууда.

Уюмдун өкүлү Айсулуу Кожомкулованын айтымында, анда зомбулукка кабылган аялдар темасы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык медиада кандай тилде, кандай маанайда чагылдырылып жатканы тууралуу сөз болот:

“Гендердик уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана эксперттерин чогултуп жатабыз. Талкуу гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк алкагында өтүп жатат. Ал жыл сайын 25-ноябрда башталып, 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат”.

Аялдар укугун коргогон адистердин айтымында, зомбулукка кабылган кыз-келиндер тууралуу көпчүлүк учурда “Өзү күнөөлүү” деп айтышат. Ошондуктан бүгүнкү жыйында мындай мамиле канчалык негиздүү жана туура экени талкууланып, кеп-кеңештер айтылат.

Расмий маалыматтар 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталганын көрсөттү. Бул былтыркыга караганда 30% көп. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (RK)

XS
SM
MD
LG