Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Сербия өкмөтү литий кенин иштетүүгө жол ача турган мыйзамды кайра чакыртып алды


Литий кенин иштетүүгө каршы акция.
Литий кенин иштетүүгө каршы акция.

Сербия өкмөтү өлкө аймагында литий кенин иштетүүгө жол ача турган мыйзамды артка чакыртып алды. Мындай чечим кабыл алынганы 8-декабрда белгилүү болду.

Өкмөттүн өлкөнүн түштүгүндөгү 2,4 миллиард долларга бааланып жаткан кенди иштетүү укугун британ-австралиялык Rio Tinto компаниясына бере турган демилгесине каршы бир нече күндөн бери айрым шаарларда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик мыйзам коомчулуктун кеңири катышуусунда талкууланарын, ага кесиптик ассоциациялар, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышса болорун билдирди.

Байкоочулардын айтымында, өлкө аймагындагы алтын жана күмүш кендеринде Кытай компаниялары ошондой эле мыйзамдык шартта эч тоскоолдуксуз иштеп жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG