Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Казакстан сугат маалында Токтогулдан кошумча суу алганын билдирди


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Кыргызстан сугат маалында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмүн агызган. Муну менен Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйкандардын сугат суусуна болгон муктаждыктары камсыздалганын казак премьер-министри Аскар Мамин 7-декабрда Нур-Султанда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушкан учурда билдирди.

Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Мамин эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгына, анын ичинде Сырдарыя, Чу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча ыкчам чараларды биргелешип кабыл алууну жогору баалады.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматында Токтогул суу сактагычынан сууну кошумча агызуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн көрсөткөн эмес.

Аскар Мамин Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча агызылган суунун көлөмүн ачыктаган эмес.

2021-жылдын июнь айында Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек менен жетишилген келишимди жарыялаган. Ага ылайык Кыргызстан вегетациянын эң жогорку чегинде (июнь-август) Токтогул суу сактагычынан кошумча 330 миллион метр куб сууну агыза турганы белгиленген. Сууну Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү боюнча макулдашылган.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

8-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суу көлөмү 10,8 млрд. кубометрди түздү. Бул соңку жылдардагы эң аз көрсөткүч.

Буга байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Айрым аймактарда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылганы катуу талкууга алынган. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG