Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Комиссия Зулпукаровду жоопкерчиликке тартууга жетиштүү негиз жок экенин билдирди


Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусунда депутат Төрөбай Зулпукаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушуна жетиштүү негиздер жок экенин белгиленген.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган депутат "мыйзамсыз камакка алынган" деп табылып, Жээнбековду тергөө абагынан токтоосуз бошотуу керек экени айтылган. Комиссиянын корутундусун анын төрагасы, депутат Канат Исаев окуп берди.

"Парламент депутаты Төрөбай Зулпукаров депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, Конституциянын 78-берененин талаптарын бузуу менен кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу Зулпукаров УКМК кармоочу жайынан токтоосуз бошотулушу тийиш. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө, мыйзамдын 24-беренесине ылайык депутат эл өкүлү катары элдин жана мамлекеттин коргоо алдында турганы, мандатты колдонуу мөөнөтүндө жана андан кийин айтылган ой-пикири, добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес", - деди Исаев.

Комиссия Кумтөр маселесин жана буга байланыштуу долбоорду кароодо Зулпукаров мыйзамдын чегинде гана аракет жасаганын белгилеген.

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын үч депутатты жоопкерчиликке тартуу боюнча сунушунун негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карады. Ага Башкы прокуратуранын өкүлдөрү дагы катышты.

Комиссия Башкы прокуратурага депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин кароону түштөн кийинкиге калтырды.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG