Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Жунушалиев: Депутаттар мэрия жетекчилерин себепсиз чакырбашы керек


Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин айрым депутаттарынын сынына жооп берди.

Жунушалиев 9-декабрда «Жер Ынтымагы» конушунун тургундарына үйлөрүнүн техникалык паспортун тапшыруу иш-чарасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "шаардык кеңеш мэрия жетекчилерин жыйынга чакырууда пландап иш кылышы керек" экенин айтты.

“Алар азыр себепсиз деле органдардын жетекчилери бир күн кечке шаардык кеңештин жыйынында болушун каалашат. Алар өз милдеттерин аткарышы керек. Биз ал жыйындарга катышканга даярбыз. Качан план бекитилип, кайсы бир тапшырмалар болгон учурда, азыркы мыйзамдын чегинде катыша алабыз”, - деди мэр.

Буга чейин 7-декабрдагы шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары мэриянын аппарат жетекчиси Миргазы Исаковдун жыйынга келбей койгонун сындап чыгышкан.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жаңы мыйзамга ылайык райондун администрация башчыларын жана облустук деңгээлдеги шаар мэрлерин президент дайындайт.

Бишкек шаардык кеңеши "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Өнүгүү-Прогресс", "Ынтымак" жана Социал-демократтар партиясынан куралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG