Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Элчи Аманбаев АКШны Кыргызстандын демилгесин колдоого чакырды


 Дональд Лу жана Бакыт Аманбаев
Дональд Лу жана Бакыт Аманбаев

8-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маалымдады.

Элчи Аманбаев президент Садыр Жапаровдун Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат саммитинде көтөргөн демилгеси жөнүндө маалымат берди. Ал АКШны Кыргызстандын 2022-жылды “Дүйнөдө мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы” деп жарыялоо демилгесин колдоого чакырды. Жакынкы күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси каралат.

Эки тараптын өкүлдөрү кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулап, элчи 5-октябрда Пенсильвания штатында кыргыз жаранынын өлүмүнө байланышкан окуяны териштирүүнү тездетип берүүнү Лу мырзадан өтүндү.

2-ноябрда президент Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климат саммитинде сөз сүйлөгөн. Анда мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоп, Кыргызстан үчүн суу ресурстарын жана тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу маанилүү экенине токтолгон. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. доллар керек экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG