Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Президент Жапаров кийинки жылы Италияга сапар менен барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарымында Италияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Ташкент шаарында министрлердин деңгээлинде «Борбор Азия + Италия» жолугушуусу өтүп жатат. Анын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луижи Ди Майо менен жолугушту.

Тараптар президент Жапаровдун Италияга сапары жана министр Луижи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну сүйлөштү. Казакбаевдин буга чейинки Италиядагы сапарынын жыйынтыгында айтылган кыргыз-италия инвестициялык фонд түзүү жана Италиянын Бишкекте элчилигинин ачылганына көңүл бурушту. Эки министр Ооганстанга гуманитардык жардам берүү маселесин талкуулашты.

Бир ай мурун Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий ачылган.

Кыргызстан Италия менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 30 жылга чамалаганы менен бул өлкөдө кыргыз элчилиги былтыр гана түзүлгөн. Алгачкы элчи болуп буга чейин өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде иштеген Таалай Базарбаев дайындалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG