Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Парламент депутат Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок


Бакыт Жетигенов
Бакыт Жетигенов

Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок. Бул тууралуу комиссия өкүлү, депутат Евгения Строкова билдирди.

Корутунду парламенттин 15-декабрдагы отурумуна чыгарылат.

9-декабрда Евгения Строкова ар кандай түшүнбөстүктү жоюу үчүн комиссиянын курамына депутаттар Аманкул Токтомамбетовду, Алтынбек Сулаймановду, Айсулуу Мамашованы жана Каныбек Иманалиевди кошууну сунуштаган.

Строкованын айтуусунда комиссиянын курамына жогорудагы депутаттар кирип, комиссия төрагасы болуп Айсулуу Мамашова шайланды. Ал эми комиссиянын мурдагы төрагасы Канат Исаев өз каалоосу менен кеткен.

8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Ал жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодекстин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган эле. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG