Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Долларга болгон суроо-талап, Улуттук банктын аракети


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда долларга суроо-талап өсүп кеткендиктен Улуттук банк ушул жылдын башынан берки эң чоң интервенция жасоого мажбур болду. Мекеме 7-декабрда курсту кармап туруу үчүн 71,3 миллион долларды сатыкка чыгарды.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын маалыматына караганда, акыркы күндөрү өлкөдө чет элдик валютага суроо-талаптын өскөнү байкалган. Коммерциялык банктар жана ички валюта рыногунун катышуучуларынын суроо-талабы жогору болгон.

Аида Карабаева
Аида Карабаева

"Дүйнөдө товарлардын жана каржы базарындагы баалардын туруксуздугуна байланыштуу болду. Ички мезгилдик фактор да таасир этти. Азыр сунушка караганда суроо-талап жогору болуп жатат. Эгерде биз муктаждыкты камсыз кыла албай калсак, анда валютанын курсу кескин түрдө жогорулап кетиши мүмкүн. Ошого жол бербөө үчүн валюталык интервенция жасап жатабыз", - деди ал.

Бишкектеги Москва жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү акча алмаштыруу жайынын кызматкери Эрлан Абдыкапаров интервенциядан кийин долларга суроо-талап азайып калганын айтып берди:

"Акыркы 10 жыл ичинде каржы жөндөгүчү (регулятор) мынча каражатты базарга сата элек болчу. Долларга суроо-талап азыр кадыресе түшүп калды".

Каржы базарында доллардын жетишпестиги жаралса, Улуттук банк интервенция жасап, керектөөнү канааттандырып турат. Интервенция жараянына өлкөнүн каржы базарында иштеген мамлекеттик жана коммерциялык банктар катышат. Алар аркылуу базардын башка катышуучуларына тарайт.

“Альянс” акча алмаштыруучу бюролордун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов Улуттук банк интервенция аркылуу чет элдик валютанын тартыштыгын жоюуга аракет кылганы менен коммерциялык банктардын оюндары балансты буза турганын билдирди.

Думан Рыскулов
Думан Рыскулов

"Интервенциянын негизги максаты - базарды чет элдик валюта менен камсыздоо. Экинчиден, ал каражаттар коммерциялык банктардын колуна баргандан кийин алар өз саясатын жүргүзүп, саткысы келсе сатат, саткысы келбесе сатпай коюшат. Айрым коммерциялык банктарда чектөөлөр коюлган. Мисалы, бир жаранга 4-5 миң долларга чейин сатылсын деген чектөөлөр бар. Мындай чектөөгө мыйзам жол бербейт. Мисалы, таблодо доллардын баасы жазылып турса, анда кассада болгон акчаны сатуу керек. Эгерде кассада акчасы болуп туруп сатпаса, мыйзамсыз болуп эсептелет", - дейт Рыскулов.

Азыр дүйнөлүк рынокто мунайдын, газдын, күндөлүк керектелүүчү буудай, кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу өндүрүмдөрдүн баалары өсүп жатат. Бул сыяктуу товарларды алып келүү үчүн ишкерлерге чет элдик валюталар талап кылынат. Атап айтканда, импортко көз каранды мамлекет катары Кыргызстанда мындай учурларда доллар тартыштыгы байкалат.

Экономика боюнча серепчи Элдар Абакировдун баамында, кийинки кезде Улуттук банк сатып жаткан доллардын рекорддук көлөмү экономикага болгон басымдын күчөп жатканынан кабар берет.

"Сомго басым көбөйүүдө. Демек, экономикада валюта аз болуп атат. Бизде 75% товар импорттолуп келет, экспорт аз. Ошондуктан элдин баары доллар алам деп, Улуттук банк сомдун курсун кармаш үчүн улуттук резервдеги долларды сатып жиберүүдө. Улуттук банктын мүмкүнчүлүгү деле чексиз эмес. Мындай көрүнүш улана берсе, бир күнү сомдун курсун коё берет. Анда сомдун курсу 90 сом же андан да өйдө чыгып кетиши мүмкүн. Кайра эле инфляция өсүп, элдин жашоосуна терс таасир бериши ыктымал".

Сомдун алсыздыгын эксперт өкмөттүн жасап жаткан айрым иш-аракеттеринин улуттук экономикага тийгизип жаткан терс таасири менен байланыштырат.

"Ишкерлерден көп угуп атам, жапырт рейддер, текшерүүлөр жүрүп жатыптыр. Бюджетти көбөйтүш үчүн жапырт текшерүүлөрдү жүргүзүп атышыптыр. Текшерүүнүн көбү бизнеске басым кылгандыктан, тилекке каршы, кээ бирлери жабылып калса, кээ бирлери чындыгында эле кыйналып калууда. Көп текшерүүлөрдүн коррупциялык тобокелдиктери чоң болуп жатат. Мунун баары экономикага терс таасирин берүүдө. Ошондуктан, Улуттук банк айла жоктон улуттук резервдин эсебинен интервенция жасап жатат".

Жаңы кабыл алынып жаткан салык мыйзамы акча алмаштыруучу жайларды мындан ары бирдиктүү салык төлөөгө милдеттендирет. Жаңы мыйзамга ылайык, алар үчүн патенттик система жоюлган. Бул акча алмаштыруу бюролорунун чыгымын көбөйтүп, бизнеске оорчулугун артат. Думан Рыскулов Экономика министрлиги жаңы мыйзамды даярдоодо алардын пикирин эске албаганына токтолду.

"Экономика министрлиги "өзүңөрдүн пикириңерди айткыла" деп чакырган. Биз өзүбүздүн баабызды, пикирибизди айтканбыз. Бирок, алардын бирөөсүн да кабыл албай, өздөрү билгендей кылып коюшту".

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бири. Декабрь, 2021-жыл.
Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бири. Декабрь, 2021-жыл.

Ушул жылдын башынан бери Улуттук банк 14 жолу интервенция жасап, жалпы суммасы 633 млн. доллар сатты. Буга чейинки эң ири интервенция 23-ноябрда 70,3 млн. долларга жасалса, 7-декабрда 71,3 млн. доллар рекорддук суммадагы чет элдик валюта сатылган.

Мекеменин расмий сайтында доллардын курсу 84,79 сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми акча алмаштыруу жайларында 84,95 сом болуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG