Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

БШК Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады


Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун 35 бир мандаттуу округу боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин №21 Талас округу, №30 Ысык-Ата округу, № 29 Свердлов, №31 Чүй-Кемин округу боюнча жыйынтыктар чыга элек болчу.

Боршайком 14-декабрдагы отурумунда № 21 Талас округунда көп добуш алган талапкер Бактыбек Чойбековду, №30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады. Баарына каршы добуш бергендер көп болгон №29 Свердлов округундагы шайлоону өткөн жок деп тапты.

№31 Чүй-Кемин округунда көп добуш алган Медетбек Саккараевдин кош жарандыгы бардыгы тууралуу маалымат текшерилип жатат.

№30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап камакка алган. БШКдан сот чечими чыга электигин, андыктан Таштанбековду депутат кылып каттоого тоскоолдук жоктугун билдиришти.

Эми баарына каршы добуш бергендер көп Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо жарыяланат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Жаңы парламент 22-декабрда ишке киришери айтылууда. Парламенттин курамы 54 партиядан, 36 бир мандатуу округдардан шайланып келген 90 депутаттан турат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG