Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Тихановская күйөөсүнүн абакка кесилишин өч алуу катары баалады


Светлана Тихановская, Беларустун бозгундагы оппозиция лидери.
Светлана Тихановская, Беларустун бозгундагы оппозиция лидери.

Бозгунда жүргөн беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская күйөөсү, блогер Сергей Тихановскийдин 18 жылга кесилгени тууралуу комментарий берди.

"Сергейди Лукашенко жеке душманы деп эсептесе керек. Ошондуктан бул жаза анын жеке өч алуусу болду", - деди ал.

Беларустун президенттигине талапкерлигин коюуну пландап жүргөн видеоблогер Сергей Тихановский 14-декабрда 18 жылга кесилди. Тополоң уюштурган деп айыпталган Тихановский жана аны менен кошо айыпталган адамдардын соту Гомел шаарындагы тергөө абагында жабык каралды.

Тихановский Лукашенконун саясий атаандаштарынын ичинен эң узак жаза мөөнөтүн алды. Буга чейин президенттикке талапкер Виктор Бабарико 14 жылга, Мария Колесникова 11 жылга эркинен ажыратылган.

Мамлекеттик "Белта" агенттиги билдиргендей, андан тышкары блогер Владимир Цыганович 15 жылга, YouTube каналындагы "Жашоо үчүн өлкө" баракчасынын оператору Артем Саков 16 жылга, модератор Дмитрий Попов 16 жылга кесилди. Алар жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Каттоого алынбаган Беларус Социал-демократиялык партиясынын лидери Николай Статкевичке да 14 жыл жаза мөөнөтү берилди.

Айыпталуучулар бир жарым жыл темир тор артында отурушту. Алардын баары президенттик шайлоо жана Беларуста жапырт нааразылык акциялары башталганга чейин кармалган.

Светлана Тихановская күйөөсү камалгандан кийин анын ордуна президенттикке ат салышкан. Кийин Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG