Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Студенттин өлүмү: Талаштуу маалымат, тараган тасма


Рамзан Мухаммед. (Сүрөт Пакистандык студенттердин федерациясынан алынды).
Рамзан Мухаммед. (Сүрөт Пакистандык студенттердин федерациясынан алынды).

Ички иштер министрлиги 11-декабрда Бишкекте поезддин алдында калган пакистандык студент "киши колдуу болгон" деген маалыматты четке какты. Интернетте поезддин алдына боюн таштаган адам тартылган тасма тарады.

Каргашалуу окуядан кийин маркумдун достору "аны жергиликтүүлөр тоноп, андан кийин поезддин алдына ыргытып жибергенин" социалдык тармактарга жазышкан. Тышкы иштер министрлиги чет элдик студенттин өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Талаштуу маалымат, тараган тасма

11-декабрь күнү түшкө жуук Бишкекте теги пакистандык, Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) медицина факультетинде окуган Рамзан Мухаммед аттуу студент поезддин алдында калып каза болгону жөнүндө кабар тараган.

Социалдык тармактарда аны менен чогуу окуган студенттер маркумду "жергиликтүүлөр тоноп, сабап, андан кийин темир жолго таштап койгонун" жазышты. Твиттердеги постто бул окуяны жергиликтүү бийлик менен чогуу иликтөө тууралуу өтүнүч Пакистандын өкмөтүнө жана Бишкектеги элчилигине жиберилгени жазылган.

"Азаттык" Пакистандын Кыргызстандагы элчилигине комментарий сурап байланышканда кат жүзүндө кайрылууну сунуш кылды. Азырынча Пакистан тарап бул окуя боюнча үн ката элек.

Маркум Рамзан Мухаммад окуган КЭУнун жетекчилиги да бул окуя тууралуу ой-пикир билдирүүдөн баш тартты.

Кыргызстандагы пакистандык студенттер федерациясынын жетекчиси Муниб Ахмад Интернетте тараган видеонун чын-бышыгын текшерүүнүн жыйынтыгын күтөрүн билдирди.

Муниб Ахмад.
Муниб Ахмад.

"Мухаммед Рамзан аны менен чогуу жашагандардын айтымында, абдан жакшы адам болгон. Ал Хафиз жана намаз окуп жүргөн. Ошондуктан депрессия же стресске да кабылган эмес. Бул кайгылуу окуянын түпкү себебин дагы деле билбейбиз. Бирок ал поезддин келатканын байкаган эмес окшойт. Анан кырсык болду. Элдин баары эле көрүп тургандай видеону таратып жатышат. Ошол видеодон биз поезд кырсыгы экенин көрөбүз. Бирок биз видеонун аныктыгын иликтөөнү суранганбыз".

Рамзан Мухаммеддин өлүмү пакистандык студенттер арасында кызуу талкууланууда. Айрымдар бул окуяны кылдат текшерүүнү талап кылып, керек болсо элчиликтин алдына чогулууга чакырган. Баракчада окуядан көп өтпөй соцтармактарда поезддин алдына өзүн таштаган адам тартылган тасма талаш-тартышты дагы кызытты.

Пакистандык студенттердин федерациясы тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатканын жазды: "Пакистан элчилиги жана биздин коомдун өкүлдөрү бул ишке олуттуу киришти. Элчи мырза Рамзандын ишинде адилеттикке жетишүүгө убада кылды. Биз бул окуяга кылдат көз салып, сиздерге маалымдап турабыз".


Федерация ошондой эле башка пакистандык жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан жана бул окуя боюнча түрдүү комментарийлерден алыс болууга чакырууда.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк студенттин өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Милициянын эскертүүсү

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя болгон жерге барган милиция сөөктү текшерип, тиешелүү экспертизага жиберген. Факты Биринчи май райондук милициясында бирдиктүү реестрге катталган. Милиция соцтармактарда пакистандык студенттер жазып жаткан "киши колдуу болгон" деген маалыматты четке какты.

"Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда маркум Пакистандын жараны КЭУ алдындагы медициналык мектептин 1-курсунун студенти экени аныкталды. Ошондой эле анын жүрүп келаткан поезд алдына бой таштаганын көргөн күбөлөр аныкталды. Пакистандык жарандын сабалганы тууралуу таркап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат",- деп эскертти милиция.


Милиция студенттин поездге бой таштаганын жергиликтүү жаран көргөнүн маалымдады. Ал 11-декабрда саат 14:00 чамасында Лев Толстой көчөсү менен темир жолду бойлоп, батыш тарапты көздөй баратканда бейтааныш бирөө темир жолду карай басканын көргөн. Тепловоз алыстан эле сигнал берсе да көңүл бурбай койгон адамды поезд коюп кеткенине күбө болгон.

"Кыргызстанда кысым күчөдү"

Бишкекте жашаган Аднан Ул Хак Кыргызстандагы пакистандыктардын абалына токтолуп, соңку кездери коомчулукта аларга мамиле өзгөрүп, дискриминация сезиле баштаганына тынчсызданат.

"Күчтүү басмырлоону өзүм деле байкап жүрөм. Мисалы, кийинки кездери ижарага батирге чыгуу кыйын болуп калды. Мен бул жерде беш жыл окудум, окууну 2013-жылы бүткөм. Ал кезде жагдай азыркыдай жаман эмес эле. Lalafoдо үйүн ижарага берчүлөрдүн 50% “пакистандыктарга бербейбиз” деп жазып жатышат. Чогуу иштеген кыз-келиндер менен чай ичкени барып калсак, же болбосо жөн эле сүйлөшүп баратсак, бизди жактырбай карагандарды байкайбыз, андайда коркобуз. Жактырбагандар эмне кыларын билбейбиз, ошондон чочулайбыз".

Пакистандык студенттер федерациясынын президенти Муниб Ахмад мекендештери талап-тоноого кабыларын кошумчалады.

Быйыл жайында Чүйдөгү ооруканалардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жактан пакистандык Шах Аббас Али белгисиз бирөөлөр сабап кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, 9000ден ашык индиялык студенттер бар. Алардын көпчүлүгү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG