Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Бишкектин административдик соту "Клооп Медианын" арызын караган жок


Шайлоо тилкелеринин бириндеги иш учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Шайлоо тилкелеринин бириндеги иш учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Бишкек шаарынын административдик соту "Клооп Медианын" айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору боюнча арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу аталган басылманын өкүлдөрү тастыктады.

Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп Медиа" айрым шайлоо тилкелериндеги биринчи түзүлгөн протоколдор менен жыйынтыктоочу протоколдордо айырма бар экенин билдирип, Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.

"Арыздын негизги мазмуну - протоколдор алмашып жатат. Анткени биздин байкоочуларга берген протоколдор менен сайтка жарыялаган протоколдор эки башка. Биздин байкоочулар алган протоколдо участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн колу менен мөөрү турат. Ал протоколду алмаштырганда атайын акт менен алмаштырыш керек. Бирок ал дагы жок", - деди "Клооп Медианын" шайлоолорго байкоо салуу боюнча долбоорунун координатору Айзирек Алмазбекова.

"Клооп Медианын" өкүлү эми Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди. Жогорку соттон "Клооп Медианын" арызы келе элегин белгилешти.

"Азаттык" партиясы дагы айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору боюнча Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Сот аталган партиянын дагы арызын кайтарып берген. Партия лидери Исмаил Исаков дагы Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган.

Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдиришти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG