Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууга каражат бөлүнөрү айтылды


 Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен тааныштыруу учуру. 21-декабрь. 2021. Ош
Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен тааныштыруу учуру. 21-декабрь. 2021. Ош

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусундагы иш сапарында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордо туруктуу транспорттук инфраструктура, дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарын сактоо, сапаттуу, коопсуз жана арзан турак жай менен камсыздоо каралган. Мындан сырткары калктуу пункттарды комплекстүү пландаштыруу, башкаруу жана экологиялык жактан туруктуу урбанизация масштабы кеңейтилери белгиленген.

Сапар алкагында Жапаров Ош облусунун Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясындагы горизонталдык өзү агуучу суу алуучу галереянын долбоору менен таанышты. Анын курулушу Ош шаарынын тургундарын толук көлөмдө ичүүчү таза суу менен камсыз кылат.

Министрлер кабинетинин башчысы тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоону жакын арада чечүү зарылдыгын, ага кошумча каржылоо бөлүнөрүн билдирди.

Өкмөт башчы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү транспорт тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү "Т" түрдүү жол долбоору менен жеринде таанышты. Жапаров автоунаалардын саны бир топ жогору болорун эске алып, долбоорду толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары бала-бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура эгемендүүлүк алгандан бери оңдолбой турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG