Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Эл аралык Түрк академиясы 2022-жылды Ишеналы Арабаевге арнайт


Эл аралык Түрк академиясы 2022-жылды Ишеналы Арабаевге арнайт. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали президент Садыр Жапаров менен жолуккан учурда билдирди. Мамлекет башчы Кыдыралини бүгүн, 21-декабрда кабыл алганын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда түрк элдеринин маданияты менен салттарын сактоо жана бекемдөө боюнча пикир алмашышты. Бул багытта өз ара тыгыз кызматташуу маанилүү экени белгиленди.

Кыдырали кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Түрк академиясы быйылкы жылды Жусуп Абдрахмановдун жылы деп жарыялаганын айтты.

Мындан тышкары Муктар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун достугуна арналган конференцияны өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG