Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылат


Бүгүн, 21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты.

Жапаров президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Абдрахмановдун ысымы ыйгарыларын билдирди.

Анын айтымында, 9-декабрда Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын отурумунда бул чечим колдоо тапкан.

Чолпон-Ата шаарына Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, айкелин ачуу пландалууда.

Мамлекет башчысы Орусиядагы жана Казакстандагы архивдерден Абдрахмановго тиешелүү 200 баракка жакын документ табылганын айтты. Анын айрымдары санарип форматка көчүрүлгөн.

“Залкар Жусуп Абдрахманов жана анын доору” документалдык жыйнагын басып чыгарууга президенттин резервдик фондунан 390 миң сом бөлүнгөнү белгилүү болду.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссаралар кеңешинин төрагасы болуп дайындалат.

1933-жылы сентябрда Абдрахманов кызматтан алынып, партиядан чыгарылган. 1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм кылынган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган.

Аны жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо - 1989-жылы болгон.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго быйыл "Кыргыз Республикасынын баатыры" жана "Ак Шумкар" ордени берилди. (МТа, MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG