Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалды


ИИМдин Ички аскерлери. 24-август, 2021, Бишкек.
ИИМдин Ички аскерлери. 24-август, 2021, Бишкек.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов аталган түзүмдө аныкталган ири коррупциялык факт боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл органы Кенжекуловдун кармалышы боюнча толук маалымат бере элек. Ал ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы болуп 2019-жылы март айында дайындалган.

Буга чейин Аскер прокуратурасын пландуу текшерүү маалында өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн. 946 миң сом уурдалганы аныкталганын кабарлаган. 15-декабрда мекеменин финансылык башкармалыгынын башчысы Талантбек Жоробеков кармалган.

Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголгон.

2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскерлеринин маянасы 40% көтөрүлгөн. Ички аскерлердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен 1-сентябрдан тарта алардын 1 жылы 1,5 жыл, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн бир жылы эки жылга тете деп эсептелет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG