Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Жерге-Тал кыргыздарын дарылаган Ахунбаев, элге ырдаган Эстебес


Тажрыйба алмашуу үчүн Тажикстанга барган кыргызстандыктар. Ортодо Социалисттик эмгектин баатыры, атактуу чабан Таштанбек Акматов жана партиянын Мургап райкомунун биринчи катчысы Орозо Осмонов. Жерге-Тал району, 1985-жыл.

Азыркы кыйынчылыктарга наалып, жетимиш жылдан ашуун өкүм сүргөн союз доорун жерге-сууга тийгизбей алкай берүү адилеттик эмес.

Албетте, ал доордун деле чириген жерлери, ийне сайсаӊ вулкандай атылып чыга турган ириңдери, көӊүлүӊдү чөктүргөн толгон-токой адилетсиз жактары бар эле. Бирок, кандай болгон күндө да ал заман башаламан эмес болчу. Элдин карым-катышы, алакалары азыркыдай даражада алыстап кетпеген. Төмөндө ошол союз доорунда Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштары, тажикстандык кыргыздардын кубанычтары менен армандары тууралуу сөз болмокчу.

Советтер Союзу ыдыраган соӊ кадим замандардан бери ачык турган чек аралар тикен зымдар менен тосулду. Адам өтө алгыс аңдар казылды. Анда-санда болуп келген жер, суу, жайыт талаштары илгеркиден күчөдү. Экономикалык, илимий, маданий байланыштар, бири-бирине ээн-эркин тууганчылап кирип чыгуулар мурдагыдай болбой калды. Буларды жетишкендик деп айтууга болбойт, албетте.

Тарыхый бир туугандыктын мыйзамы менен жашап келген Тажикстан менен Кыргызстандын союз доорундагы алакалары, карым-катыштары кандай жакшы эле. Айрыкча маданий жана адабий байланыштарыбыз абдан тыгыз болгон. Бул руханий биримдиктин башында улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов менен атактуу акын Мирзо Турсунзаде бекем турушкан. Тажик менен кыргызды ошол улуу инсандар кол кармаштырып жүрүшкөн экен.

Тажикстандын Мургап, Жерге-Тал, Шаартуз, Инфара ж.б. райондорунда жашаган 70 миӊден ашуун кыргыздардын тарыхый мекендери менен карым-катыштары, өз эне тилдеринде окуп билим алуулары, улуттук балуулуктарын жоготпой жүрүшү үчүн шарттар түзүлгөн эле. Кыргызстанда бүгүн жарык көргөн гезит, журналдар эртеси кошуна республикадагы кыргыздардын колуна тийчү. Кыргыз тилиндеги адабий китептер райондордогу китеп дүкөндөрүнө түшүп турган. Айтор, бул жагынан баары жетиштүү болгон. Ошондой болуш үчүн эки республиканын тийиштүү органдары өз убагында сүйлөшүп, маселелерди чечип турушкан.

Кыргыздын атактуу окумуштуу хирургу, Орто Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаган академик Ахунбаев Иса Коноевич Тажикстанда жашаган улутташтарынын ден соолугуна да кам көргөн экен. Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, кыргыздар жашаган Жерге-Тал районун бир нече жыл жетектеген Карим Сатардын эскерүүсүнө караганда, Иса Ахунбаев өмүр жолдошу профессор Бүбүхан Исмаиловна менен Жерге-Талга 1933-1934-жылдары атайын барып, жүрөк оорусунан жабыркагандарга жардам көрсөтүптүр. Андан кийин 1972-жылы тажик кесиптеши профессор Аъзам Пулатовдун коштоосунда экинчи жолу барган.

Жергиликтүү эл, жетекчилер менен болгон жолугушууда чоӊ урмат-сый менен коштоп келген кесиптеши профессор Аъзам Пулатов сөз сүйлөп: "Иса Коноевич Ахунбаев Орто Азия жана Казакстандын жаркыраган кош жылдызы" деп айткан экен кыргыздын дүйнөгө таанылган хирургунун жетишкендиктерин төкпөй-чачпай тизмектегенден кийин толкунданып. Мындан улам эки жумурияттын таанымал дарыгерлеринин да тыгыз алакада болгонун байкоого болот.

Мындай алакаларды ал жактагы кыргыздар азырга дейре эстеп, ошондой күндөргө кайра жетер бекенбиз деп, арман кылып калышат. Аларга дагы бир чоӊ окуя абдан таасир эткен. 1976-жылы өткөрүлгөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын концерттик бригадасы Жерге-Талга келишкен. Анын курамында төкмө акындар Эстебес Турсуналиев менен Замирбек Үсөнбаев, манасчылар Уркаш Мамбеталиев, Токтосун Тыныбеков, куудул Келдибек Ниязовдор болушкан. Топту Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти Курман-Гали Каракеев жетектеп барган. Атагы чыккан өнөрпоздор ошондо райондун бардык чарбаларынын эмгекчилеринин көӊүлүн көтөрүп кайтышкан. Чоӊ майрамга айланган ал күндөр элдин эсинен кете элек. Кыргызстандан дагы келишсе экен деп арман кылышат.

1983-жылы Чоӊ-Кыргыз айылында жашаган согуш ардагери, көзгө атар мерген Кыдыралы Акназаров ушундай карым-катышка байланышкан мындай маалымат берди эле: "1958-жылы кыргыз акындары Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев, Абдырасул Токтомушевдер тажик акыны Абдусалам Дехоти менен биздин айылга келишкен. Менден көп нерселерди сурап жазып алышкан. Биздин урууларыбыз жөнүндө көп сурашты ошондо. Баарын айтып бердим. Кызыл аяк уруусу: буга тейит, бостон; кыпчак уруусу: буга гыдырша деген да кошулат. Бул уруу Кокондун Худаярхан уруусунан келген дедим. Абдан кызыгып калышты. Ошондо Кубанычбек сөзмөр жигит экен: "Кызыл аяк уруусу мындан эки жарым миӊ жыл мурда келген" деп айтты".

Мал чарбачылыгы, дыйканчылык жааттарында тажрыйба алмашуулар да болуп келген ал кезде. 1985-жылы ушул максат менен Кыргызстандан Социалисттик Эмгектин Баатыры, атактуу малчы Таштанбек Акматов партиянын Мургап райкомунун биринчи катчысы Орозо Осмоновдун коштоосунда Жерге-Талга сапар алып барышканы да унутулгус окуя болгон. Советтер союзуна атагы угулган чыгаан малчы Т.Акматов алыста жашаган улутташтарына мал багуунун сырлары жана тоют даярдоо жаатында жакшы кеӊештерин айткан. Анын баалуу кеп-кеӊештери малчылардын тажрыйбасын жана аймактын экономикасын арттырууга өбөлгө боло баштаган ошондон кийин.

Ушундай байланыштарды улантууга, бир туугандык алакаларды калыбына келтирүүгө бүгүн неге болбосун? Муну карапайым эл да каалап эле турат. Дал мына ошол алакалардын үзүлгөндүгүнүн, өзүбүздү өзүбүз капаска салып алганыбыздын айынан чек араларда октор атылып, кан төгүлүүдө. Тарыхый бир туугандык сезимибизде пайда болгон муз күндөн-күнгө калыӊдап баратпайбы. Дүйнө өзгөрүп, эртеӊки күнүбүз эмне болору дайынсыз болуп турганда, бул маселени эки тараптын теӊ эли да, бийлиги да астейдил ойлоп көрүшү өтө зарыл азыр. Төбөбүзгө бакыт консо кубанычыбызды, кайгы түшсө кайгыбызды бөлүшүүгө туура келерин өткөн окуялардан сабак алып түшүнсөк, көп нерселер чыр-чатаксыз чечилип калар беле деген тилек ондогон жылдардан бери тынчтык бербей келет мага.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG