Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Украинанын мурдагы президенти чыккынчылыкка шектелүүдө


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко "мамлекетке чыккынчылык кылган жана терроризмди колдогон" деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. УНИАН агенттиги Улуттук коопсуздук жана коргоо комитетинин мурдагы катчысы Александр Турчиновго шилтеме берип жазды.

Украинанын прокуратурасы экс-президентке "2014-жылдын аягы, 2015-жылдын башында жикчилдер басып алган Донбасстан мыйзамсыз түрдө көмүр ташып келип, Орусиянын кызыкчылыгын колдогон" деп айыптап, кылмыш ишин козгогону айтылууда. Мамлекеттик тергөө бюросунун маалыматы боюнча, азыркы маалда Жогорку Раданын депутаты болуп турган Порошенкого бул тууралуу кабарланды.

УНИАН маалыматына караганда, 17-декабрда тергөөчүлөр Петро Порошенкого суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Бирок ал чакырууну албай баш тартып, автоунаасына олтуруп кетип калган. Учурда Порошенко чет өлкөдө экени айтылууда. Ал жетектеген партиянын өкүлдөрү экс-президент алдын ала пландалган сапары менен Түркияга кеткенин, кайра кайтып келерин билдиришти.

Украинада өздөрүн “элдик республика” деп атап алган жикчил топтор террордук уюм катары таанылган. Буга чейин көмүр ташуу ишине байланыштуу “Оппозициялык платформанын” саясий кеңешинин жетекчиси Виктор Медведчукка “чыккынчылык” боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, "Украина көмүр кендери жайгашкан Донбасска көзөмөлдү жоготкондон кийин көмүргө муктаж болуп, аны Түштүк Африкадан сатып алууга аракет кылган". Бирок Медведчук көмүрдү жикчилдерден сатып алуу үчүн ташып келүүнү үзгүлтүккө учураткан деп шектелген.

Ошол эле учурда, ал, бийликтин колдоосу менен "өлкөнүн жогорку кызмат адамдары" менен келишим түзгөн” деп ырастаган Украинанын коопсуздук кызматы.

8-октябрда коопсуздук кызматынын башчысы Иван Баканов атайын кызмат Медведчук менен Порошенконун ортосунда байланышты жана алдын ала сүйлөшүп алуу ыктымалдуулугун текшерип жатканын билдирген эле.

Медведчук менен Порошенконун өкүлдөрү коюлган айыптарды четке кагып, аларга козголгон иштерди саясий мүнөздө деп атады. Алардын партияларын Украина парламентиндеги ири оппозициялык фракцияларды көзөмөлдөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG