Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

COVID-19: вакцина албаган эки киши каза болуп, 51 жаңы учур катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки киши кайтыш болду. Каза болгондордун экөө тең вакцина алган эмес деди республикалык штаб.

Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 786 киши көз жумду.

Бир суткада 51 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктурганы аныкталды.

  • Бишкек шаары - 14
  • Жалал-Абад облусу - 9
  • Чүй облусу - 16
  • Ош шаары - 1
  • Ош облусу - 3
  • Баткен - 3
  • Ысык-Көл облусу - 5 учур катталды.

Азыркы учурда өлкө боюнча 648 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 303ү ооруканада болсо, 345 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 21-декабрга карата 1 млн. 186 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 973 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG