Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Баткенде "Мен ишкермин" бизнес форуму башталды


"Мен ишкермин" бизнес форуму. 21-декабрь, 2021-жыл.
"Мен ишкермин" бизнес форуму. 21-декабрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 21-декабрда Баткенде "Мен ишкермин" деген аталыштагы бизнес форум башталды. Форумдун максаты - аймактагы ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана идеяларды бере турган аянтча түзүү.

Форум "Тилектеш жамааттар" долбоорунун алкагында "Youth of Osh" коомдук уюму тарабынан JIA жана BOOST долбоору менен биргеликте уюштурулган.

Уюштуруучулардын белгилешинче, форумга ар кыл тармактагы 100дөн ашуун ишкер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, тажрыйба жана идея алмашууга мүмкүнчүлүк алышат.

Форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциялары көргөзүлөт. Мындан сырткары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, "Айыл Банктын" өкүлдөрү менен панелдик талкуулар өткөрүлөт.

Ушул жылдын 14-октябрында Баткенди өнүктүрүү боюнча эл аралык инвестфорум өтүп, кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлган. Анда Баткен облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын жарым миллиард сом которулуп турарын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-октябрда парламентте өкмөттүн сунушталган жаңы курамы каралып жатканда билдирген.

Баткен облусу борбордон алыс жайгашкан, Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен тилкесиндеги аймак. Коңшулар менен чек ара тактала электигине байланыштуу жер, суу талаш маселелеринен чыр-чатактар катталып келет. Быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргыз, 19 тажик жараны көз жумган. Жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган. (KЕ/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG