Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

COVID-19: АКШ барууга болбой турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору менен Мамлекеттик департамент коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканына байланыштуу азырынча барууга болбой турган өлкөлөрдун тизмесин кеңейтти. COVID-19 тездик менен жайылып жаткан өлкөлөрдүн катарына Испания, Финляндия, Чад, Ливан, Бонайре, Монако, Сан-Марино жана Гибралтар кирген. Кошмо Штаттары оорунун тароо деңгээли жогору деп бааланган тизмеге 85 өлкөнү, Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүн киргизген.

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору АКШнын өзүндө коронавирустун omicron штаммы COVID-19дун башка варианттарынан ашып түшкөнүн билдирди. Учурда инфекцияны жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгүндө СOVID-19дун ушул варианты аныкталууда (73%). АКШнын түндүк-батышындагы жана түштүк-батышындагы кээ бир райондордо бул 95% түзүп жатат. Бир апта мурда эле ооруну жуктургандардын 12,6% omicron штаммы аныкталган болчу.

Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен коронавирустан кайтыш болгондордун саны 807 миңден ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG